12-июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Илья НаймушинЖаандан кийинки токой гүлдөру
Жаандан кийинки токой гүлдөру - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2024
Жазылуу
12-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. 12-июль, жума күнү, күндүз айрым аймактарда жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл жергесинде +23...+28, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус жылуу болот.
Борбор калаада ала булут каптап, күндүн табы +33...+35 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +34...+36, Чолпон-Атада +24...+26 градус жылуу болот.
Жамгыр учурунда кол чатыр кармаган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2024
Нөшөрлөп жаан жаайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0