00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү экономика өлкөнү өнүктүрүүнүн күчтүү драйвери болот — Create4 Design фестивалы жаратмандардын башын бириктирет
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Госпрограммы и поддержка инициатив: зачем власти делают ставку на развитие Токмока, Нарына и Кара-Балты
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПИНдеги каталарды оңдоону жөнөкөйлөтүү: жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему о домашнем насилии стали говорить чаще, а случаев меньше не становится
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ишкерлерден 44 арыз түштү. Ак ниет ишкерлерди реестрге каттоо процесси кандай жүрүүдө?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бишкекте саат 15:00. Жанылыктар чыгарылышы. Микрафондо Арууке Амирдинова. Саламатсыздарбы!ЕАЭБде электробус чыгаруу сунушталып, Кыргызстан долбоорго кызыгууда
*АКШнын союздаштары Байдендин шайлоодо жеңишке жетерине ишенбейт
Өлкөдө жол эрежесин бузгандарды дрон менен көзөмөлдөнүшү мүмкүн. Алдыда кененирээкКыргызстанда жол эрежесин бузгандарды дрон менен көзөмөлдөй башташты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.Маалыматка ылайык, программаны Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда байкап көрүшүүдө. Дрондор Ысык-Көл, Нарын тарапка кеткен айланма жолдо учуп, каршы тилкеге чыккандарды, катуу айдагандарды тартып алууда. Эреже бузгандарга протоколду дрон учкан жерден бир-эки чакырым аралыкта турган Кайгуул милициясынын кызматкерлери жазып берет. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы долбоор байкоодон өтүп жаткан учурда айып пул салынбай турганын белгиледи.
Кыргызстан ЕАЭБдин электробустарды биргелешип чыгаруу долбооруна кызыгып жатат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди. Екатеринбург шаарында өтүп жаткан "Иннопром-2024" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Беларустун өнөр жай министри Александр Ефимов менен жолугушту. ЕАЭБде электробустарды чыгаруу боюнча Беларустун сунушу талкууланып, аилоттук долбоор мамлекеттер аралык программанын алкагында ишке ашууда. Буга Армения менен Кыргызстан кызыкдар болуп жатканын билдиришкен.
Мамлекеттик бажы кызматы 2024-жылдын 6 айында бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 59 млрд 619,3 млн сом болгонун билдирди. Бажы төлөмдөрү бул убакытка коюлган пландан 1 млрд 519,2 млн сомго көп чогултулду. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 млрд 822,3 млн сомго көп чогултулду.
Чүйдө эл аралык деңгээлдеги Байтик тоо курортун куруу пландалууда. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, агенттик менен россиялык "Васта Дискавери" жоопкерчилиги чектелген коом жана Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда үч тараптуу меморандумга кол коюлган. Алар Чүй облусунда Baytik Mountain Resort тоо-туристтик кластерин курууну ниеттенишүүдө. Ошондой эле меморандум өлкөдө лыжа кластерлерин өнүктүрүү, куруу жана эксплуатациялоо үчүн инвестицияларды тартуу, инфраструктураны жакшыртуу жана туристтер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча кызматташууну карайт.
Вашингтондо өтүп жаткан НАТО саммитинин катышуучулары АКШ лидери Жо Байдендин абалына тынсызданып, алдыдагы шайлоодо жеңишке жетерине ишенбей турушат. Бул тууралуу Eurasia Group аналитикалык борборунун президенти Ян Бреммер MSNBC каналына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, саммитте баарлашкан өлкө башчыларынын баары Байдендин акыл-эси начарлагандыктан шайлоодо ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү кыйла төмөн экенин белгилешкен. Көбү президенттин бир айтканын улам кайталап, көптөн бери билген кишисин тааныбай калган учурлары арбын экенин кошумчалашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0