https://sputnik.kg/20240707/1086783674.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Meken бренди менен смартфондор чыгарыла баштайтОрбан НАТОнун Украина боюнча саясатын сындадыУКМК эгемендүүлүк күнүндө бийликти басып алууну... 07.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-07T13:00+0600
2024-07-07T13:00+0600
2024-07-07T14:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/07/07/1086783542_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8e144f57501c889f93a2fd53bcd0105e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Meken бренди менен смартфондор чыгарыла баштайтОрбан НАТОнун Украина боюнча саясатын сындадыУКМК эгемендүүлүк күнүндө бийликти басып алууну пландаган топтун жүзүн ачканын билдирдиалдыда кененирээкБийликти күч менен басып алуу Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата пландалган. Бул тууралуу УКМК билдирди. Ведомстводон кабарлашкандай, кылмышка шектүүлөр 31-августта Бишкектин четинде өлкөнүн бардык аймактарынан жаштарды чогултуу үчүн спорттук оюндарды уюштурууну көздөшкөн. “Алар элди Бишкекке жөө барууга үндөй турган оппозиция лидерлерин чакыргылары келген. Алдын ала даярдалган адамдар жолдон башаламандык уюштурмак. Сценарий боюнча зордук-зомбулук көрсөтүлүп, өрт коюлуп, атышуу болмок. Ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүлмөк”, - деди УКМК. Атайын кызмат укук коргоо органдарына жана жарандарга каршы колдонула турган курал-жарактарды алуу үчүн спорттук тирди да басып алуу пландалганын белгилейт.
Кыргызстанда сентябрь айынан тарта Meken бренди менен смартфондор чыгарыла баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз индустрия" ишканасынын жетекчиси Жарасул Абдураимов билдирди. Смартфондорду ата мекендик адистер чогултат. Көпчүлүк тетиктер чет өлкөдөн алып келинип, телефондун корпустары өлкөдө жасалат. Бул үчүн жабдуулар сатып алынган. Meken смартфондору чет өлкөнүкүнө караганда 10-15 пайызга арзан болот. Сметалык баасы – 11 миң сом. Абдураимов сапаты мыкты болорун убада кылууда. "Кыргыз индустрия" келерки жылы турмуш-тиричилик техникаларын да чыгарууну пландоодо.
Бишкекте 8-июлдан тарта №153 экспресс-автобус жүрө баштайт. Бул тууралуу мэрия кабарлады. Ал 12-кичи райондон баштап аэропортко чейин барат. Каттамды 12 метрлик, 3 эшиктүү жана кондиционери бар 17 заманбап автобус тейлейт. Аралыктары 10-12 мүнөт болот. Салондогу отургучтардын санына жараша жүргүнчү салынат. Автобустар аялдамалардан гана токтойт. Жол кире акысы накталай төлөсө 140 сом, накталай эмес 122 сом болмокчу.
НАТОнун саясаты альянстын негизги баалуулуктарына карама-каршы келет. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Newsweek журналына жазган макаласында белгилегенин РИА Новости жазды. "Дүйнөлүк тарыхтагы эң ийгиликтүү аскердик альянс тынчтык долбоору катары башталганын, анын келечектеги ийгилиги тынчтыкты сактоо жөндөмүнөн көз каранды экенин эстен чыгарбоо керек. Тилекке каршы, бүгүн күн тартибинде тынчтыктын ордуна согушка умтулуу, коргонуунун ордуна кол салуу болууда. Бул НАТОнун негизги баалуулуктарына карама-каршы келет", — деген Орбан. Саясатчы НАТОнун алдында альянсты тынчтык долбоор катары сактап калуу милдети турганын белгилеген.
Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин Россиянын "Енисей" клубунан кетип, Өзбекстандын "Локомтив" футболдук клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалыматында айтылат. "Локомотив" 2023-жылы Өзбекстандын Про-лигасында 15 жолу жеңишке жетип, үч ирет тең чыгып, экөөнөн жеңилүү ызасын тартып, чемпион болгон. 32 жаштагы борбордук коргоочу Валерий Кичин улуттук курамада 47 беттеш өткөрүп, беш жолу гол киргизген. Акыркы төрт сезондо ал Россиянын "Енисей" командасында ойноп 119 беттешке чыккан.
Кыргызстанда Meken бренди менен смартфондор чыгарыла баштайтОрбан НАТОнун Украина боюнча саясатын сындадыУКМК эгемендүүлүк күнүндө бийликти басып алууну пландаган топтун жүзүн ачканын билдирдиалдыда кененирээкБийликти күч менен басып алуу Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата пландалган. Бул тууралуу УКМК билдирди. Ведомстводон кабарлашкандай, кылмышка шектүүлөр 31-августта Бишкектин четинде өлкөнүн бардык аймактарынан жаштарды чогултуу үчүн спорттук оюндарды уюштурууну көздөшкөн. “Алар элди Бишкекке жөө барууга үндөй турган оппозиция лидерлерин чакыргылары келген. Алдын ала даярдалган адамдар жолдон башаламандык уюштурмак. Сценарий боюнча зордук-зомбулук көрсөтүлүп, өрт коюлуп, атышуу болмок. Ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүлмөк”, - деди УКМК. Атайын кызмат укук коргоо органдарына жана жарандарга каршы колдонула турган курал-жарактарды алуу үчүн спорттук тирди да басып алуу пландалганын белгилейт. Кыргызстанда сентябрь айынан тарта Meken бренди менен смартфондор чыгарыла баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз индустрия" ишканасынын жетекчиси Жарасул Абдураимов билдирди. Смартфондорду ата мекендик адистер чогултат. Көпчүлүк тетиктер чет өлкөдөн алып келинип, телефондун корпустары өлкөдө жасалат. Бул үчүн жабдуулар сатып алынган. Meken смартфондору чет өлкөнүкүнө караганда 10-15 пайызга арзан болот. Сметалык баасы – 11 миң сом. Абдураимов сапаты мыкты болорун убада кылууда. "Кыргыз индустрия" келерки жылы турмуш-тиричилик техникаларын да чыгарууну пландоодо.Бишкекте 8-июлдан тарта №153 экспресс-автобус жүрө баштайт. Бул тууралуу мэрия кабарлады. Ал 12-кичи райондон баштап аэропортко чейин барат. Каттамды 12 метрлик, 3 эшиктүү жана кондиционери бар 17 заманбап автобус тейлейт. Аралыктары 10-12 мүнөт болот. Салондогу отургучтардын санына жараша жүргүнчү салынат. Автобустар аялдамалардан гана токтойт. Жол кире акысы накталай төлөсө 140 сом, накталай эмес 122 сом болмокчу.НАТОнун саясаты альянстын негизги баалуулуктарына карама-каршы келет. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Newsweek журналына жазган макаласында белгилегенин РИА Новости жазды. "Дүйнөлүк тарыхтагы эң ийгиликтүү аскердик альянс тынчтык долбоору катары башталганын, анын келечектеги ийгилиги тынчтыкты сактоо жөндөмүнөн көз каранды экенин эстен чыгарбоо керек. Тилекке каршы, бүгүн күн тартибинде тынчтыктын ордуна согушка умтулуу, коргонуунун ордуна кол салуу болууда. Бул НАТОнун негизги баалуулуктарына карама-каршы келет", — деген Орбан. Саясатчы НАТОнун алдында альянсты тынчтык долбоор катары сактап калуу милдети турганын белгилеген. Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин Россиянын "Енисей" клубунан кетип, Өзбекстандын "Локомтив" футболдук клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалыматында айтылат. "Локомотив" 2023-жылы Өзбекстандын Про-лигасында 15 жолу жеңишке жетип, үч ирет тең чыгып, экөөнөн жеңилүү ызасын тартып, чемпион болгон. 32 жаштагы борбордук коргоочу Валерий Кичин улуттук курамада 47 беттеш өткөрүп, беш жолу гол киргизген. Акыркы төрт сезондо ал Россиянын "Енисей" командасында ойноп 119 беттешке чыккан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/07/1086783542_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1125d60a60020e647e229cfafb10b99c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио