БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, алар массалык башаламандык уюштуруп коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көксөшкөн.Кармалгандардын үйлөрү жана унаалары тинтилип, жардыргычты колго жасай турган компоненттер, ок атуучу куралдын түрү, ок-дары, рациялар, бронежилеттер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин формалары, дрондор, экстремисттик адабияттар, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылганы белгиленди.
Шектүүлөр массалык башаламандык уюштуруп коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көксөшкөн.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар массалык башаламандык уюштуруп коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көксөшкөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Аталган топ криминалдык жана диний идеологияны кармангандар экени такталды
"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган топ криминалдык жана диний идеологияны кармангандар экени такталды", — деп айтылат маалыматта.
Кармалгандардын үйлөрү жана унаалары тинтилип, жардыргычты колго жасай турган компоненттер, ок атуучу куралдын түрү, ок-дары, рациялар, бронежилеттер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин формалары, дрондор, экстремисттик адабияттар, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылганы белгиленди.