00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
13:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как Запад формирует новые смыслы на Евразийском пространстве — беседа с экспертом из Иойшкар-Олы
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Максимальный репост
Под куполом перемен: чем удивляет обновлённый цирк Бишкека
16:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
17:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Биримдик кербени» — ценность и бережное отношение к воде в регионе станет символом ВИК-2026
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук психология — машыктыруучу менен спортчунун мамилеси кандай болушу керек?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Жанылыктар менен тааныштырып, студияда АА. Саламатсыздарбы! Бул чыгарылышта:Бишкекте жакында Комсомол көлүн ачуу пландалууда
ШКУ өлкөлөрү санкциялардын бир тараптуу колдонулушуна каршылыгын билдиришти
Садыр Жапаров Индиянын премьерине адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Алдыда кененирээк: Президент Садыр Жапаров Индия Республикасынын Уттар-Прадеш штатында болгон кайгылуу окуяга байланыштуу Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Индия Республикасынын Уттар-Прадеш штатында орун алган трагедиялуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм”, - деп айтылат телеграммада. Ошондой эле өлкө башчысы жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалаган.
Казакстандын өкүлү Нурлан Эрмекбаев ШКУнун 2025-2027-жылдарга башкы катчысы болуп дайындалды Мындай чечим ШКУнун Астанадагы саммитинде кабыл алынган. ▪️Эрмекбаев 1963-жылы Шымкентте туулган, СССР Коргоо министрлигинин Кызыл Туу аскер институтунда да окуган ▪️Кытайдагы элчиликте кеңешчиси, ТИМ башчысынын орун басары, президенттин эл аралык иштер боюнча жардамчысы болуп иштеген ▪️Президенттин жардамчысы, Коопсуздук кеңешинин катчысы, коргоо министри болгон.
Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөр санкцияларды бир тараптуу колдонуу эл аралык укуктун принциптерине туура келбей турганын жана үчүнчү өлкөлөргө терс таасирин тийгизерин белгилейт. Бул тууралуу ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча Астана декларациясында айтылган. Ага ылайык, мүчө мамлекеттер жалпы кабыл алынган эл аралык принциптерге жана эрежелерге негизделген ачык, айкын, адилеттүү, басмырлоосуз жана көп тараптуу соода системасын колдоп, бекемдейт. Маалыматта уюмдун ачык глобалдык экономикага өбөлгө түзө турган жана рынокторго адилеттүү кирүүнү камсыз кылган системаны жактары айтылган.
Бишкекте жакында Кара-жыгач багындагы Комсомол көлүн ачуу пландалууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда көлдүн түбүн механикалык жана кол менен тазалоо, ошондой эле учурдагы скважина жана канализация системасын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, жакында көлдүн айланасындагы тротуарга асфальт төшөө иштери башталат. Көлдүн түбүн жана тегерек-четин тазалоо иштерин "Бишкек жашыл курулуш" ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Белгилей кетсек, бул жасалма көл жана өзүн-өзү тазалоо системасы жок. Акыркы жылдары көлдү толтуруу үчүн суу ЧЧКдан алынса, быйыл скважинадан таза суу менен толтурулат.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 86 сом 61 тыйынга 1 евро 92 сом 58 тыйынга 1 рубль 99 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 65 сом 40 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 90 тыйындан тарта, 74 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, 74 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ5-июлга краган түнү дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын өрөөндөрүнүн айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Башка аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Талас аймагында +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл жергесинде +21...+26, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус жылуу болот. Борбор калаада күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөп +28...+30 градус жылуу болсо, Ош шаарында күндүн табы +32...+34, Чолпон-Атада +21...+23 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0