https://sputnik.kg/20240630/kyrgyzgidromet-aba-yrayy-1086533662.html
Жаан-чачындуу болот. Келерки жумага карата аба ырайынын божомолу
Жаан-чачындуу болот. Келерки жумага карата аба ырайынын божомолу
Sputnik Кыргызстан
Жума ичи көпчүлүк жерлерде жаан-чачын күтүлөт, ал эми абанын температурасы айрым жерлерде 37 градуска чейин чыгат. 30.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-30T10:17+0600
2024-06-30T10:17+0600
2024-06-30T10:17+0600
кыргызгидромет
аба ырайы
синоптик
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e8/06/1d/1086536560_0:0:2957:1663_1920x0_80_0_0_cf7131ff84f083b4fa5bcb49b2f2a446.jpg
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 30-июндан 6-июлга чейинки күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун жарыялады.Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында 30-июндан 2-июлга чейин жана 5-6-июль күндөрү өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Синоптиктер 3-4-июлда дээрлик бардык региондордо күн ачык болорун божомолдоодо. Бирок апта башында көпчүлүк жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болору айтылды.Чүй, ТаласАлдыдагы апта башы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө жаан-чачындуу болот. 3-4-июль күндөрү күн ачык болуп, 5-6-июль кайрадан өткүн өтөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 30-июнда, 1-2-июлда күндүз айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.Ош, Жалал-Абад жана БаткенӨлкөнүн түштүгүндө 30-июнь, 1-3-июль күндөрү жамгыр жаайт. Калган күндөрү бийик тоолуу жана тоо этектериндеги жерлерде өткүн өтөт. 30-июнь, 1-2-июлда айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болушу ыктымал.Ысык-КөлСиноптиктер бир жума бою айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөй турганын айтууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-июнда жана 1-2-июлда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетери айтылды.НарынНарын жергесинде 3-4-июлда күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Жуманын калган күндөрү көчүлүк аймактарда өткүн өтөт.
https://sputnik.kg/20240629/okm-sel-tash-kuloo-1086528079.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/1d/1086536560_218:0:2949:2048_1920x0_80_0_0_390dbdbbba0346bff955b163085c25cf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызгидромет, аба ырайы, синоптик, кыргызстан
кыргызгидромет, аба ырайы, синоптик, кыргызстан
Жаан-чачындуу болот. Келерки жумага карата аба ырайынын божомолу
Жума ичи көпчүлүк жерлерде жаан-чачын күтүлөт, ал эми абанын температурасы айрым жерлерде 37 градуска чейин чыгат.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 30-июндан 6-июлга чейинки күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун жарыялады.
Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында 30-июндан 2-июлга чейин жана 5-6-июль күндөрү өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Синоптиктер 3-4-июлда дээрлик бардык региондордо күн ачык болорун божомолдоодо. Бирок апта башында көпчүлүк жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болору айтылды.
Алдыдагы апта башы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө жаан-чачындуу болот. 3-4-июль күндөрү күн ачык болуп, 5-6-июль кайрадан өткүн өтөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 30-июнда, 1-2-июлда күндүз айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
Өлкөнүн түштүгүндө 30-июнь, 1-3-июль күндөрү жамгыр жаайт. Калган күндөрү бийик тоолуу жана тоо этектериндеги жерлерде өткүн өтөт. 30-июнь, 1-2-июлда айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болушу ыктымал.
Синоптиктер бир жума бою айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөй турганын айтууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-июнда жана 1-2-июлда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетери айтылды.
Нарын жергесинде 3-4-июлда күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Жуманын калган күндөрү көчүлүк аймактарда өткүн өтөт.