00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Сели в КР: как МЧС борется с последствиями стихийных бедствий
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Туура тамактануу бардык адам үчүн керек. Жайында кандай тамактарга басым жасалат?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как работает соглашение о пенсионном обеспечении в ЕАЭС
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Легендарлуу генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун өмүр баяны
19:07
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Другой туризм». Почему Кыргызстану стоит разнообразить ассортимент турпредложений?
20:06
46 мин
Ачык кеп
Жай келди! Кантип пайдалуу арыктаса болот?
23:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Аксу шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” көзөмөл өткөрүү жайынын, “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун айланасындагы маселелер тууралуу мамлекеттик кызматкерлердин жана курулушчулардын катышуусунда сүйлөшүү жүргүздү. Анда Ысык-Көл облусунун аймагында “Бедел” көзөмөл өткөрүү жайынын инфраструктурасын куруу боюнча биргелешкен техникалык маселелерди иштеп чыгуу жана уюштуруу талкууланды. Ошондой эле, “Бедел” көзөмөл өткөрүү жайына бара турган “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун жана көпүрөсүнүн курулушу каралды.Үстүбүздөгү жылы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен өткөрүү жайынын расмий ачылышы жасалары пландалууда. Калган эл аралык стандарттарга ылайык, толук кандуу унаа жолу, бажы жана чек ара инфраструктурасын түзүү жакынкы жылдары эки тараптуу биргелешип ишке ашырылат.
Ноокатта сел каптаган үйлөр тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 28-июнь күнү болжол менен саат 16:10 чамаларында Ноокат районунун аймагында жааган жамгырдын кесепетинен Гулистан айыл аймагында 4 турак үйдүн коро сарайларына жана 3 үйдү сел суулары каптап, жараксыз абалга келтирген. Кечээ, ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан куткаруучулар тартылып 3 турак үй толук тазаланды. Бүгүн тазалоо иштери уланууда.
Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар үчүн 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстандын ЖОЖдоруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Маалыматта билим алууну каалаган этникалык кыргыздарга жалпысынан 75 квота бөлүнгөнү айтылат. Сынактык тандоого катышуу үчүн абитуриенттер сайттан онлайн катталып, "чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу" бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Документтер үстүбүздөгү жылдын 17-августуна чейин кабыл алынат.
Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Абдумалик Карачев Иорданиянын Амман шаарында жаткан Азия чемпионатында 23 жаштагылар арасында (алтын медалга ээ болду. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, балбан 57 кг чейинки салмакта алгачкы айлампада ирактык атаандашын 16:8 эсебинде, экинчи айлампада иорданиялык Сахиб Рамзи Салах Алмарафини 10:0 эсебинде утту. Үчүнчү айлампада монголиялык Жигуур Сарантуяны 8:0 эсебинде утуп, жарым финалдык беттеште индиялык Субхам Субхамды 10:0 эсебинде жеңди. Абдумалик Карачев финалдык беттеште казакстандык Султан Курманалиевди 5:0 эсебинде жеңип, өз салмагында Азия чемпиону болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0