00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстанда дары өсүмдүктөрдү өстүрүүгө уруксат берилди — жаңы мыйзам кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Не выбрасывайте клеща после укуса - и другие советы врача, которые реально важны этим летом
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын мектептеринде балдар жана ата-энелер үчүн туура тамактануу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Новый порядок приёма иностранных студентов, что меняется
12:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Элди түйшүккө салган сел кырсыктары: кесепеттерди жоюу жана кенемте маселеси кандай болуп жатат?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 1-3-июль күндөрү Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. "Иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле БУУнун Өнүгүү программасынын долбоорлорунун бирине баруусу пландаштырылууда. Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат", - деп Муратбек Азымбакиев белгиледи.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Борбор социалдык төлөмдөрдү жана кызматтарды онлайн көрсөтүү, санариптик эсепке алуу жана социалдык маалыматтардын мониторинги, социалдык камсыздоо маселелери боюнча онлайн консультация, санариптик көндүмдөр жана технологиялар боюнча билим берүү программалары, социалдык программаларга мониторинг жүргүзүү үчүн санариптик аспаптар, социалдык кызматтарды көрсөтүү процесстерин санариптик автоматташтыруу сыяктуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт. Бул кызмат көрсөтүүлөр жарандарга социалдык колдоонун кыйла натыйжалуу жана жеткиликтүү болушун камсыз кылууга багытталган.
Улуттук банк соңку маалда телефон шылуундары көбөйүп жатканын эскертип, кыргызстандыктарды сак болууга чакырды."Адатта алар өзүн коммерциялык же Улуттук банктын өкүлү катары тааныштырып, кардардын жеке маалыматы сыртка чыгып кетпеши үчүн акчаны коопсуз эсепке которуу керектигин айтат. Ошол эле маалда алар чалган телефон номери, башкы банктын логотиби коюлган жасалма документтер көрсөтүлүшү мүмкүн. Шылуундар акчаны кардардын өз колу менен котортуп же онлайн-насыя алдыртканга үлгүрөт", — деп айтылат маалыматта. Адистер банктын кызматкери эч убакта жогоруда айтылган себептер менен чалбай турганын эскертет.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Милли Межлисти таркатуу боюнча жарлыкка кол койгонун Sputnik Азербайжан жазды. Кезексиз парламенттик шайлоо 1-сентябрга дайындалды. Эскерте кетсек, кечээ Азербайжандын Конституциялык сот пленумунун жыйыны өтүп, президент Алиевдин парламентти таркатуу жана кезексиз шайлоо дайындоонун ылайыктуулугу тууралуу сурамы каралган. Милли Межлисти таркатуу сунушу "Ени Азербайджан" башкаруучу партиясынан түшкөн. Жарлык жарыялангандан тарта күчүнө кирип, өзгөртүүгө жатпайт. Демилге көтөрүп чыккан партиянын төрагасынын орун басары Таир Будаков Азербайжанда кезексиз шайлоо 2024-жылдын ноябрында өтмөктүгүн, ошол эле убакта Бакуда БУУ Конвенциясынын конференциясы болорун айтып, эки маанилүү иш-чара бир маалга туш келип калганын жүйө келтирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0