00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:30
0 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше штрафов — меньше аварий? Обсуждаем новые меры безопасности
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Быйыл да автоунаанын терезесин караңгылатууга акция жарыялоо каралып жататВладимир Путин 3-4 июлда Астанага ШКУ саммитине келетТИМ кыргыз жарандарын Израиль менен Ливанга барбай турууга чакырдыалдыда кененирээк Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын Израиль менен Ливанга барбай турууну сунуштады. Мындай билдирүүнүн тышкы ведомствонун маалымат кызматы таратты. Кабарга ылайык, мындай чара Израиль-Ливан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу болуп жатат. Ошондой эле министрлик Ливан менен Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсүн айтты. Белгиленген өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандары үчүн Кувейттеги элчиликтин +96525359951, Түркиядагы элчиликтин (+905456896800 жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрылса болору айтылды.
Быйыл Кыргызстанда инфляция Улуттук банктын аныктаганынан төмөнүрөөк болот. Бул туурасында Евразиялык банктын 2024-2026-жылдарга берген макроэкономикалык божомолунда айтылат. Эске салсак, Улуттук банктын жакынкы же узак мөөнөттө жетүүгө тийиш деп өлчөнгөн планы 5-7 пайызды түзгөн. Быйыл азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын өсүшү жайлап калгандыктан инфляция темпи да төмөндөй баштады. Аны менен катар эле аталган банктын аналитиктери баанын көтөрүлүшүн эртелеп божомолдоп, эсепке алган эмес. Эгерде апрелде инфляция 5,2 пайызды түзсө, майда 4,4 болуп түшүп кеткен. Жылдар боюнча божомол: 2024 — 4,3 пайыз (болот деген көрсөткүчтөн төмөн); 2025 — 6,9; 2026 — 6,5.
Өлкөдө кайрадан автоунаанын терезесин караңгылатууга акция жарыялоо каралууда. Бул боюнча тиешелүү токтом долбоорун Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик иштеп чыгып, өкмөт коомдук талкууга койду. Эми автокөлүктөрдүн терезесин караңгылатууга уруксат берүү кызматы аралыктан көрсөтүлмөкчү. Мындан тышкары, долбоордун алкагында автоунаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү боюнча акция өткөрүү сунушталууда. Ал токтом кабыл алынгандан кийин 90 күнгө уланат. Бир жылдык караңгылатууга уруксат алуу: жеке жактар үчүн 50 миң сом (азыр 80 миң сом); юридикалык жактарга 70 миң сом (азыр 100 миң сом); чет элдиктер үчүн 90 миң сом (азыр 120 миң сом). 2023-жылы да жарыяланып 60 күнгө созулган ушундай эле акциядан бюджетке 184,3 миллион сом түшкөнү айтылды.
Россиянын президенти Владимир Путин 3-4-июлда Астанада өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат. Бул туурасында РИА Новости анын жардамчысы Юрий Ушаковго таянып билдирди. Анын айтымында, Путиндин башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү пландалган. "Россиянын президенти жакынкы күндөрү биз үчүн бир топ таасирдүү жана мааниге ээ болгон ШКУнун саммитине катышат. Иш-чара Казакстандын Астанасында өтөт. Анын алкагында мүчө жана чакырылган өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда", — деген Ушаков. Мурдараак Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев ШКУнун Астана отуруму көп тараптуу диалогду арттырып, тынчтыкты бекемдөө менен өнүгүү темасына арналгандыгын айткан.Саммитке 16 мамлекеттен президенттер менен премьер-министрлер келет.ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жаатта өз ара кызматташууну талкуулашмакчы
Жаңылыктар түрмөгү
0