Чүйдө кубаттуулугу эки мегаватт болгон Ысык-Ата-1 кичи ГЭСи ишке берилди

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Жазылуу
Акылбек Жапаров кичи ГЭСтин ачылышы мамлекеттин энергетикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган аракет экенин белгиледи.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Чүйдө кубаттуулугу эки мегаватт болгон Ысык-Ата-1 кичи ГЭСи ишке берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, анын ачылышына Чүйдү жумушчу сапары менен кыдырып жүргөн Акылбек Жапаров катышкан.

1/3
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Чүйдө кубаттуулугу эки мегаватт болгон Ысык-Ата-1 кичи ГЭСи ишке берилди

2/3

Билдирүүгө ылайык, анын ачылышына Чүйдү жумушчу сапары менен кыдырып жүргөн Акылбек Жапаров катышкан

3/3

Жапаров кичи ГЭСтин ачылышы мамлекеттин энергетикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган аракет экенин белгиледи

"Бул кичи ГЭСтин ишке кириши менен президенттин жарлыгын ишке ашыруудабыз. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 ишкана, анын ичинде бул кичи ГЭС ачылат. Жакынкы жылдарда биздин өлкөдө ондогон гидроэлектростанциялар, күн жана шамал станциялары курулат. Кылымдын курулушу — Камбар-Ата-1 ГЭСи, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу да башталат. Ал Шанхайдан Парижге чейинки эң кыска жол болот", — деди ал.
Жапаров кичи ГЭСтин ачылышы мамлекеттин энергетикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган аракет экенин белгиледи.