00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Чүйдө кубаттуулугу эки мегаватт болгон Ысык-Ата-1 кичи ГЭСи ишке берилдиАрмения Палестинаны мамлекет катары тааныдыШКУнун энергетика министрлери 2030-жылга чейин кызматташуу стратегиясын жактырыштыалдыда кененирээкЧүйдө кубаттуулугу эки мегаватт болгон Ысык-Ата-1 кичи ГЭСи ишке берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, анын ачылышына Чүйдү жумушчу сапары менен кыдырып жүргөн Акылбек Жапаров катышкан."Бул кичи ГЭСтин ишке кириши менен президенттин жарлыгын ишке ашыруудабыз. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 ишкана, анын ичинде бул кичи ГЭС ачылат. Жакынкы жылдарда биздин өлкөдө ондогон гидроэлектростанциялар, күн жана шамал станциялары курулат. Кылымдын курулушу — Камбар-Ата-1 ГЭСи, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу да башталат. Ал Шанхайдан Парижге чейинки эң кыска жол болот", — деди ал. Жапаров кичи ГЭСтин ачылышы мамлекеттин энергетикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган аракет экенин белгиледи.
ШКУга мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлери Астанада өткөн жыйындын соңунда кызматташтыкты өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун жактырышты. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлигинен маалымдашты. Документ ШКУ мамлекеттеринин 2030-жылга чейинки энергетика тармагындагы кызматташуусунун негизги багыттарын аныктай турганы айтылган."Бекитилген стратегияда ШКУ өлкөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен салттуу жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү боюнча консенсуска келдик", — деди Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев. Документке 3-4-июлда Астанада өтө турган ШКУнун саммитинин алкагында кол коюлары пландалууда.Министрлер ШКУга мүчө мамлекеттердин, байкоочу өлкөлөрдүн жана диалог боюнча өнөктөштөрдүн энергетиканын туруктуулугун жана өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган жаңы ыкмаларды жана конкреттүү чечимдерди иштеп чыгууга көмөктөшүп, кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.
Армения Палестина мамлекетин расмий тааныганын аталган республиканын Тышкы иштер министрлиги Telegram каналы аркылуу кабарлады. Документте Газа секторундагы гуманитардык абал өтө курчуп кеткени, көпкө созулуп кеткен аскердик кагылышуу жөнгө салынууга тийиш болгон эл аралык саясий күн тартибиндеги маселеге айланганы айтылат. "Армения республикасы жарандык инфраструктурага кол салууну, элге карата жасалган зордук-зомбулукту, адамдарды барымтага алууну кескин айыптап, эл аралык коомчулуктун барымтадагыларды эч кандай шартсыз бошотуу талабына кошулат. Ереван БУУнун Башкы Ассамблеясынын Газа секторундагы ок атууну токтотууга чакырган резолюцияларына кошулган. Армения Жакынкы Чыгышта туруктуулуктун орношуна, еврей жана палестин элинин ортосунда тынчтык өкүм сүрүүсүнө чындап кызыкдар", — деп айтылат документте. Мындан тышкары, анда Армения ар кандай эл аралык аянтчаларда палестин маселесин тынчтык жолу менен жөнгө салууга ыктап келгени, эки — еврей жана араб мамлекеттеринин принциптеринин негизинде Израиль-Палестина чырын чечүүнү колдой турганы жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0