00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Create4 Design в Бишкеке: креативный бизнес КР обсудит ИИ, этику и новые профессии
08:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мамлекеттик башкаруу академиясы: илимий потенциал жана санариптик трансформация
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Академия наук сможет тратить заработанные деньги: беседа об инновациях в научной сфере
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан жумушчу күчүнүн жетишсиздигине туш болууда — бийлик бул боюнча кандай чараларды көрүүдө?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Наука как госстратегия: китайский путь к технологическому лидерству — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом или навыки: проректор СКФУ — о том, каким должно быть образование сегодня
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдарды туура тарбиялайлы: Сөгүнүүнүн адам жашоосуна тийгизген таасири
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стопкадр
Документалдык кинонун бүгүнкү абалы: билим берүүдө көйгөйлөр жана жетишкендиктер
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Безопасная весна: Джумадиль Шералиев об усилении патрулей в парках и зонах отдыха Бишкека
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кадамжай районундагы Шамбесай кени иштетилбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткенде жергиликтүү тургундар менен жолукканда билдирди.Маалыматка ылайык, өлкө башчы кендин иштешине каршы чыгып жаткан эл менен жеринде жолугушкан. Мамлекет жетекчиси мындай чечимге кенди өз көзү менен көрүп чыккандан кийин келгенин белгиледи. Шамбесай кени — Кадамжай районунун Майдан айылында жайгашкан алтын кен. Ал 2007-жылы ачылган, 6 тоннадай алтын запасы бар. Бирок кен айылга жакын жайгашкандыктан жана Исфайрам суусу булганат деген жүйө менен жергиликтүү тургундар аны иштетүүгө каршы чыгып келишкен.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2004-жылдын үлгүсүндөгү AN сериясындагы ID-картаны 2024-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-картага алмаштыруу боюнча улуттук кампаниянын башталгандыгын жарыялады. Эскерте кетсек, кечээ президент Садыр Жапаров социалдык баракчасына паспортторду алмаштырууга акция жарыяланганын жазып, өнөктүк 1-июлдан 31-августка чейин созуларын билдирген. Министрлик тараткан маалыматта 2024-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-карта чиби жок сары түстөгү пластикалык паспорт болору айтылат. "Кампания 2024-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин өлкө аймагында жана чет өлкөлөрдөгү мекемелерде аты-жөнүн өзгөртүү, жоготуу, бузуу сыяктуу себептер менен ыктыярдуу жана акысыз негизде жүргүзүлөт. Жаңы ID-карталар биометрикалык маалыматтарды жана актуалдуу жеке маалыматтарды камтыйт. ID-картаны алмаштыруу базадагы маалыматтарды актуалдаштырууга, шайлоо жол-жоболорун оптималдаштырууга жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат кабарда.
Бишкекте көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, эски металл конструкциялары LED экрандарга алмаштырылып жатат."Тургундарга ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери ыкчам жүргүзүлүүдө. Жарнамалык структураларды жаңылоо — Бишкекти заманбап жана ыңгайлуу борборго айландыруунун дагы бир кадамы", — деп жазылат маалыматта. Эске салсак, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров борбор калааны эски жарнамалык такталардан 31-августка чейин тазалоону тапшырган.
"Бишкек жылуулук тармагы" өзүнүн абоненттери үчүн уюлдук тиркемени ишке киргизди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун максаты — санариптештирүү жана кагаз квитанцияларды колдонууну азайтуу. "Колдонмо Play Market жана App Store аркылуу жеткиликтүү. Абоненттер анын жардамы менен электрондук квитанция алып, төлөм жүргүзө алат. Ошондой эле эсептегичтин көрсөтмөлөрүн жөнөтүп, карыздар тууралуу билдирме алышат. Тиркемеден ишкананын жаңылыктары жана оңдоо иш-чаралары тууралуу маалыматтар менен таанышууга болот", — деп жазылган маалыматта.
Вьетнамдын көз карандысыздык үчүн күрөшүндө Россиянын колдоосун унутпайбыз. Бул тууралуу президент То Лам Владимир Путин менен орус-вьетнам сүйлөшүүлөрү учурунда билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Вьетнам Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чоң маани берип, аны тышкы саясаттагы артыкчылык катары эсептейт.Өлкө башчысы сүйлөшүүлөрдө Вьетнам менен Россиянын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулоону күтөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0