00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
Өлкөнүн социалдык-экономикалык, демографиялык абалынын жыйынтыктары кандай — Улуттук статистикалык комитети
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Акылбек Жапаров Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолу өзүн-өзү актаарын билдирдиРоссия Армениянын ЖККУ жыйынына катышпоо чечими боюнча үн каттыЖК административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алдыЖогорку Кеңеш административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам долбоорлорунун топтомун үч окуудан жактырды. Каралган мыйзам долбоорлору: Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө; Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө; Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө; Бул мыйзамдарды президент Садыр Жапаров демилгелеген. Жыйынга аларды Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү алып чыкты. Аталган мыйзам долбоорлору сынамык режимде жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан. Ага ылайык, 235 ирилештирилген айыл аймактары түзүлүп, шаарлар айланасындагы айылдардын эсебинен кеңейүүдө.
Президент Садыр Жапаров "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга депутаттар тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдү артка кайтарды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 19-июндагы жыйынында белгилүү болду. Жыйында финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев былтыр бала бакчалардагы тамак-ашка 800 миллион сом бөлүнгөнүн маалымдады. Анын айтымында, эми бул каражат жаңы бала бакчаларды курууга багытталат. Эске салсак, 2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылары жазылган. Мындан улам депутаттардын тобу "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 28-беренесинин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанууну сунуштап, 11-апрелде мыйзам долбоорун кабыл алышкан эле.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу өлкөнүн тышкы карызын көбөйтпөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жол курулгандан кийин Кыргызстан жылына 7 миллион тоннадан 15 миллион тоннага чейин жүк өтө турган транзиттик өлкөгө айланат. "Бул темир жол өзүн актай турган коммерциялык долбоор болуп саналат. Ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибинде курулуп, өзүн-өзү актайт. Ошондой эле Европа менен соода алаканы өнүктүрүүгө шарт түзөт. Убагында Европага терезе ачылгандай, биз да дүйнөлүк рынокко жол ачып жатабыз", — деди Жапаров. Ошондой эле ал аталган долбоор 2050-жылы ИДПнын көлөмүн 200 миллиард долларга чыгарууга өбөлгө болоруна ишеним артып жатканын кошумчалады.
Москва ЖККУ аянтчасында регионалдык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин Ереван акыры түшүнөт деген ишеничте. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Армениянын ТИМ башчыларынын жыйынына катышпоо чечимин комментарийлеп жатып айтканын РИА Новости жазды. Эскерте кетсек, иш-чара Алматы шаарында 21-июнда өтөт. "Армениялык өнөктөштөрүбүз регионалдык коопсуздукту камсыздоонун эң эле майнаптуу жолу аймактык мамлекеттер ортосундагы кызматташуу экенин, ЖККУ аянтчасы бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берерин түшүнөт деп эсептейбиз", — деген Галузин. Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкө ЖККУ курамынан убактысы келгенде чыгарын билдирген. 2024-жылдын февралында Ереван ЖККУдагы ишмердүүлүгүн токтото турарын айтса, мартта уюм Армениянын өлкө аймагынын суверендүүлүгү боюнча маселелерине жооп кайтарбаса андан чыгарын жар салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0