00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Будь в курсе
Кто, как и зачем сдаёт кровь: инструкция по донорству в Кыргызстане
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Белгилүү комузчунун уулу, Жекшен Карамолдоев согушка кенже лейтенант наамы менен катышкан
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
Кыргызстанда сумонун келечеги барбы — биринчи жолу кыздар курамасы дүйнө чемпионатына катышат
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Новые правила аренды: что грозит тем, кто сдает жильё «по доверенности»
20:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Салыктын эки түрүнүн теңин жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушталды. Эмне өзгөрөт?

© Sputnik / Жоомарт УраимовСомдук купюра лупа астында. Иллюстративдик сүрөт
Сомдук купюра лупа астында. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2024
Жазылуу
Сунушталган мыйзам долбоору республикалык жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүнө алып келери айтылган.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бирдиктүү жана сатуудан алынуучу салыктын 50 пайызын жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Замирбек Мамасадыков демилгелеп, документ коомдук талкууга чыгарылды.
Өзгөртүүлөрдү "2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" мыйзамына киргизүү демилгеленди. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде бул республикалык бюджеттин да, жергиликтүү бюджеттин да киреше бөлүгүнүн көбөйүшүн шарттай турганы айтылган.
"Жергиликтүү бюджетке киреше, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизиндеги салыктар, мүлк, жер салыктары түшөт. Анын ичинен киреше салыгы 100 пайыз жеринде калат. Соода жүргүзүүдө ыктыярдуу патент 1-июлдан тартып алып салынат. Натыйжада салыктын бул түрү жергиликтүү бюджетке түшпөй калат. Ал эми айыл жеринде мүлк салыгы шаарларга салыштырмалуу аз пайызда", — деп айтылат негиздемеде.
Cтаткомдун маалыматына таянсак, 2023-жылы бирдиктүү салыктан 7,9 миллиард сом түшкөн. Анын ичинен 4,3 миллиард сом Бишкекке, 493,3 миллион сом Ош шаарына туура келген. Ал эми сатуудан алынуучу салыктан 2023-жылы 19,2 миллиард сомдон ашуун каражат түшкөн. Мындан Бишкек шаарынан 10,3 миллиард сом, Ош шаарынан 1,5 миллиард сом алынган. Учурда дал ушул каражаттын 50 пайызын жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушталууда. Натыйжада болжол менен 14,6 миллиард сомдун жарымы — 7,3 миллард сомдой каражат Бишкекте калмак. Ал эми Ош калаасына дээрлик 1 миллиард сомго чукул каражат туура келмек.
Салыштыруу үчүн ачык булактардан эки республикалык маанидеги шаардын бюджеттерин карап көрөлү. Бишкек шаарынын 2023-жылдагы бюджетине патенттин негизинде 1,2 миллиард сом түшкөн. Ал эми Ош шаарында былтыр патенттен бюджетке 202,8 миллион сом келген. Сандар көрсөтүп тургандай, мыйзамга өзгөртүүлөр кирсе Бишкекте кала турган каражат дээрлик 6 миллиард сомго, түштүк борбордо 700 миллион сомдон ашуун суммага көбөйөт. Бирок бул бардык эле шаар, айылдардын бюджетинде калчу каражат көбөйөт дегендик эмес. Кала турган каражаттын суммасы аймактын экономикалык көрсөткүчтөрүнөн көз каранды.
Демилгечи мыйзам долбоорунун негиздемесинде 2025-жылга карата бюджеттин божомолун келтирген. Ага ылайык, эмдиги жылы бирдиктүү салыктан 10 миллиард сом, сатуудан алынуучу салыктан 30,4 миллиард сом түшөрү болжолдонгон. Андагы сандар көрсөтүп тургандай, 2025-жылга жергиликтүү бюджетке 20,2 миллиард сом калышы ыктымал.
Тактап кете турган жагдай, бул мыйзам долбоору азырынча коомдук талкууга гана чыгарылды. Мыйзам кабыл алынганга чейин толуктоолор болуп, өзгөрүүгө дуушар болушу толук мүмкүн.
Уран кени. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2024
Уран кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзамды ЖК комитети колдоду
Жаңылыктар түрмөгү
0