00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Пенсиялык топтомо каражатын канча адам алганы айтылдыУкраина курал-жарак боюнча кабылган дагы бир көйгөй ачыкталдыКыргызстанда 55 миң гектарга чукул жерди чегиртке каптады алдыда кененирээкАйыл чарба үчүн пайдаланган жердин 54 795 гектарын чегиртке каптады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Адистер жалпысынан 76 210 гектар жерди изилдешкен. Министрлик быйыл жазда аба ырайы жакшы болгондуктан мурда кездешпеген жерлерде да чегирткенин очоктору пайда болгонун белгиледи. "Мындан улам адистер зыянкечтер 90 миң гектарга чейин жайылып кетиши мүмкүн деп божомолдошууда. Учурда 44 950 гектар жер химиялык заттарды колдонуу менен чегирткелерден тазаланды", — деп айтылат маалыматта. Ведомство аталган заянкечтер жок кылынып жатканын, ал үчүн атайын техникалар жетиштүү экенин кошумчалады.
Пенсиянын топтомо бөлүгүн 1-июнга карата 203 217 адам алган. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалыматында айтылат. Статистикага ылайык, аларга жалпы 3 миллиард 707,7 миллион сом төлөнүп берилген. Пенсиянын топтомо бөлүгүн алгандар: пенсия курагына жеткендер — 181 650 адам (2 миллиард 81,2 миллион сом); чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендер — 3 925 адам (187,6 миллион сом); каза болгондордун мураскорлору — 10 574 адам (269,4 миллион сом); аскер кызматкерлери — 900 адам (8,6 миллион сом); ипотека алып жаткандар — 358 адам (74,1 миллион сом); ипотека алгандар — 5 155 адам (1 миллиард 16,7 миллион сом); турак жайды ижарага алуу боюнча төлөм төлөгөндөр (МИК ААК каржылайт) — 65 адам (7 миллион сом); расмий жумушсуз деп таанылгандар — 209 адам (3,5 миллион сом); оор илдети бар адамдар — 381 адам (56,6 миллион сом).
Ушул жылдын январь-апрель аралыгында Кыргызстандан чет мамлекеттерге 173,2 миллион доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады. Маалыматта белгиленгендей, өткөн жылдын ушул маалында бул көрсөткүч 204,3 миллион долларды түзгөн. Кеп жеке жактардын транзакциялары тууралуу болууда. Мурдагыдай эле Кыргызстанга сырттан жөнөтүлгөн акчанын суммасы сыртка которулганга караганда көп болууда. Ушул жылдын төрт айында республикага чет өлкөлөрдөн 923,3 миллион доллар которулган, анын көбү Россиядан жөнөтүлгөн.
Украина ортомчулардан курал-жарактын баасы асманды чапчыса да сатып алууга мажбур болууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Times басылмасына таянып жазды. "Украинанын көйгөйү эмнеде? Бул ортомчулар кантип ортодон чоң акча жасоону билишет, куралдын баасын асманга чыгаруу үчүн согушту пайдаланышат", — деп жазылат маалыматта. Украинадагы булактар басылмага айрым куралдар алты эсе кымбаттаганын тастыктаган тизмени берген. Анын катарында 122 миллиметрлик раективдүү система да бар. Украинанын коргонуу боюнча сатып алуулар агенттигинин негиздөөчүсү Владимир Пикузо айрым жеткирүүчүлөр жана курал-жарак сактаган кампалардын ээлери алты айдан кийин куралдын баасы эки эсе өсөрүн билгендиктен аны болушунча көпкө чейин кармап турушарын белгилеген. Адистин эсеби боюнча, согуш талаасындагы абалды өзгөртүү үчүн 200 миллиард доллардай каражат сарпталышы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0