00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
20:55
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
06:00
3 мин
Утро хорошего дня
Как форум "Дети Содружества" объединяет школьников разных стран
06:04
37 мин
Күн башат
Кыргызстанда санариптик бизнести жүргүзүүгө жана инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк кандай болууда?
07:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Утро хорошего дня
Телефонная зарядка и несправная проводка – что может стать причиной пожара, рассказали в МЧС
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
КМТУнун QS World University Rankings 2025 тизмесине киргени чоң жетишкендик. Окуу жайда студенттерди окутуу кандай жүрөт?
09:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
В каком случае не обойтись без государственного нотариуса в КР?
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты — орточо көрсөткүч канчаны түздү?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
"Шериктештиктин балдары" эл аралык маданий-билим берүү форумуна даярдык жогорку деңгээлде.
13:31
23 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
О перспективах развития ЕАЭС и итогах его деятельности за 10 лет - беседа с экс-вице-премьером
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Айыл чарбасына багытталган арзан насыя – Дыйкан, фермерлер насыя алууда кандай тоскоолдуктарга кабылууда?
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Депутаты хотят запретить скутеры на Иссык-Куле: поможет ли эта мера сохранить экосистему озера
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Мамлекеттик капитализм өлкө экономикасын көтөрүүдө ишенимдүү рычагбы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
«Ожидание братьев по разуму – загадки романа «Свидание с Рамой»
20:06
42 мин
Ачык кеп
Айыл чарбасына багытталган арзан насыя – Дыйкан, фермерлер насыя алууда кандай тоскоолдуктарга кабылууда?
23:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга карата чыккан соттун чечимине менин эч кандай тиешем жок. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Ага журналист “Камактагылардын бардыгы бошотулду. Бул сот ишинде айыпталуучу катары өтүп жаткандар дагы, аларды колдогон активисттер дагы адилеттүү чечим болгонун айтып, сизге ыраазычылык билдиришүүдө. Соттун чечимине кандайдыр бир тиешеңиз барбы?”, деген суроо узаткан. “Албетте, менин эч кандай тиешем жок. Сот – бийликтин өзүнчө бир бутагы. Мен башынан бери эле соттун ишине кийлигишкенге эч кимдин акысы жок деп айтып келе жатам. Соттун чечимине баарыбыз баш ийишибиз керек. Анын мыйзамдуу же мыйзамдуу эмес экенин сындаганга да акыбыз жок”, - деди Жапаров. Ал ошондой эле мындан ары жеке кызыкчылыктарын ишке ашырам дегендерге жол берилбеши керектигин белгиледи.
Бишкектеги Ала-Тоо борбордук аянтында реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Учурда иштеп жаткан курулуштар демонтаждалууда, андан кийин жаңы фонтан топтору курула баштайт. Белгилей кетсек, эски плиткалар иштетилип, кайра оңдоо үчүн колдонулат. Мындан тышкары, аянттын аймагындагы бардык жашыл аянттар атайын жабдуулар менен көчүрүлгөн.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард куб метрден ашты. Бул тууралуу "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, Жума күнү суунун агып кириши секундасына 1000 куб метрден ашса, агып чыгуусу кыйла аз болгон. Эскерте кетсек, өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиянын басымдуу бөлүгү аталган ГЭСте иштелип чыгат. Кышка чейин жетиштүү суу топтолсо жылытуу мезгили ошончо жеңил өтөт. Суу сактагычтын максималдуу деңгээли 19,5 миллиард куб метрди түзөт.
Ростов-на-Дону шаарында СИЗО кызматкерлерин барымтага алгандар жок кылынды. Бул тууралуу Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматына таянуу менен РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, айыпталуучулар барымтадагыларды бошотуу операциясында жок кылынган. Ал эми кызматкерлер аман-эсен куткарылган. Эске салсак, Россиянын Ростов-на-Дону шаарындагы тергөө абагынын эки кызматкерин "террорчулук" беренеси менен айыпталып кармалган 6-7 киши барымтага алышканы кабарланган. Барымтачылар өрт учурунда эшик, терезелерди ача турган балта жана дубинкалар менен куралданышканы айтылган. RT барымтачылар тууралуу маалымат жарыялап, алар Чеченстанда туулуп-өскөн Тамерлан Гиреев, Шамил Акиев, ингушетиялык Азамат Цицкиев экенин жазды. Үчөө 2023-жылдын 19-декабрында Карачай-Черкес республикасынын Жогорку сотунун имаратын жардырмакчы болушканда кармалган. Акиев менен Гиреев 18 жылга, Цицкиев 18,5 жылга эркинен ажыратылган. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 86 тыйынга барабар. 1 евро 93 сом 94 тыйынга 1 рубль 99 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 65 сом 40 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 90 тыйындан тарта, 74 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, 74 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 17-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Ысык-Көлдө +22…+27, Нарын аймактарында +23...+28, Талас облусунда +27…+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +32...+37 градус жылуу болот. Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +32...+34 градуска жетсе, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, +34...+36 градус жылуу болот. Ал эми Чолпон-Ата шарында өткүн өтүп, +23...+25 градус жылуу болору күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0