00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
09:27
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
2 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Профессии будущего: что предлагает кыргызстанцам университет связи в Петербурге
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
90 жылдык тарыхы бар театр. Орус драма театры Улуу Жеңишке карата Айтматовдун чыгармасын даярдоодо
11:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
РКӨФ быйыл 145 миллион долларга долбоорлорду каржылайт — фонд канча ГЭС курат?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөдө асыл тукум малды көбөйтүү иши кандай жүрүп жатат? – Мал чарбаларга мамлекет тарабынан кандай көмөк көрсөтүлүүдө?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
История на стендах: в Бишкеке открылась выставка о писателях войны
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бакыт же байлык. Кыздар эмне үчүн бай адамга турмушка чыгууну каалайт?
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө асыл тукум малды көбөйтүү иши кандай жүрүп жатат? – Мал чарбаларга мамлекет тарабынан кандай көмөк көрсөтүлүүдө?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Ушул жылдын январь-апрель аралыгында Кыргызстандан чет мамлекеттерге 173,2 млн доллар которулган. Өткөн жылдын ушул маалында бул көрсөткүч 204,3 млн долларды түзгөн. Кеп жеке жактардын тразакциялары тууралуу болууда. Мурдагыдай эле Кыргызстанга сырттан жөнөтүлгөн акчанын суммасы сыртка которулганга караганда көп болууда. Ушул жылдын 4 айында республикага чет өлкөлөрдөн 923,3 млн доллар которулган, анын көбү Россиядан жөнөтүлгөн. Кыргызстанда кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясынын жаңы этабы башталды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кампания 10-июндан тарта Талас жана Ысык-Көл облустарында башталган. 13-июнда Баткен жана Нарын облустарында кошумча эмдөө иштери башталды. Акциянын үч күнүндө Ысык-Көл жана Талас облустарында 24 991 бала эмдөөдөн өттү, бул максаттуу топтун 35%ын түзөт. Эмдөө кызамыкка каршы вакцина менен жүргүзүлөт жана экинчи этап үчүн каражат Кызамык жана кызылча менен күрөшүү демилгесинин алкагында түзүлгөн Эпидемияга жооп кайтаруу фонду тарабынан бөлүнгөн. Министрликтин билдиришинче кызамык оорусунун жаңы учурлары азайганына карабастан, вирус дагы эле активдүү. Балдардын жана чоңдордун арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуулардын көптүгү оорунун негизги себеби болуп калууда. Республикалык иммуно-профилактика борборунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-июнуна карата өлкөдө кызамык менен ооруган 10 798 учур катталган. Бишкек — Ысык-Көл жолу менен каттаган маршруттук таксилердин жол эрежелерин бузганын аныктоого жүргүнчүлөр көмөктөшө баштады. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти. Буга чейин башкармалык жарандардын кайрылууларын түз кабыл алган WhatsApp номерин ишке киргизген. Маалыматка ылайык, ага жүргүнчүлөр айдоочулардын жол эрежелерин бузганын сүрөт жана видеого тартып жөнөтүшкөн. Эреже бузган айдоочуларга тийиштүү чара көрүү үчүн ЖКККББнын транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү рейддик иш-чараларды жүргүзгөн. Бишкектен жол эрежелерин бузган айдоочулар Ысык-Көл облусунун кире беришинен токтотулуп, жалпысынан 28 протокол толтурулуп, 135 000 сомго айып салынган. Ошондой эле маршруттук унаалардын айдоочуларынын кан басымы текшерилип, жол эрежелери боюнча тийиштүү нускамалар таратылганы кошумчаланды. АКШнын азыркы администрациясы президент алмашса Вашингтон Украина менен коопсуздук келишимин сактайт деп кепилдик бере албайт. Бул тууралуу Жо Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Швейцариядагы саммитте билдиргенин РИА Новости жазды. Чиновник белгилегендей, түзүлгөн келишимдер жаңы бийлик тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн, бул АКШга гана эмес, башка өлкөлөргө да тиешелүү. Бейшембиде АКШ менен Украина коопсуздук кепилдиги боюнча келишимге кол койгон. Ага ылайык, АКШ 10 жыл украин аскерлерин машыктырат, курал-жарак жана жабдуу өндүрүү боюнча кызматташтыкты бекемдеп, чалгын боюнча маалыматтарды бөлүшүүнү күчөтөт. Анткен менен АКШ администрациясынан түшүндүрүшкөндөй, документте Вашингтондун Украинаны коргоо үчүн өз күчүн колдонуу боюнча эч кандай милдеттенмеси жок. Муну менен бирге америка тарап үчүн эч кандай каржылык милдеттенмелер камтылган эмес.
Жазылуу
Ушул жылдын январь-апрель аралыгында Кыргызстандан чет мамлекеттерге 173,2 млн доллар которулган. Өткөн жылдын ушул маалында бул көрсөткүч 204,3 млн долларды түзгөн. Кеп жеке жактардын тразакциялары тууралуу болууда. Мурдагыдай эле Кыргызстанга сырттан жөнөтүлгөн акчанын суммасы сыртка которулганга караганда көп болууда. Ушул жылдын 4 айында республикага чет өлкөлөрдөн 923,3 млн доллар которулган, анын көбү Россиядан жөнөтүлгөн.
Кыргызстанда кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясынын жаңы этабы башталды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кампания 10-июндан тарта Талас жана Ысык-Көл облустарында башталган. 13-июнда Баткен жана Нарын облустарында кошумча эмдөө иштери башталды. Акциянын үч күнүндө Ысык-Көл жана Талас облустарында 24 991 бала эмдөөдөн өттү, бул максаттуу топтун 35%ын түзөт. Эмдөө кызамыкка каршы вакцина менен жүргүзүлөт жана экинчи этап үчүн каражат Кызамык жана кызылча менен күрөшүү демилгесинин алкагында түзүлгөн Эпидемияга жооп кайтаруу фонду тарабынан бөлүнгөн. Министрликтин билдиришинче кызамык оорусунун жаңы учурлары азайганына карабастан, вирус дагы эле активдүү. Балдардын жана чоңдордун арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуулардын көптүгү оорунун негизги себеби болуп калууда. Республикалык иммуно-профилактика борборунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-июнуна карата өлкөдө кызамык менен ооруган 10 798 учур катталган.
Бишкек — Ысык-Көл жолу менен каттаган маршруттук таксилердин жол эрежелерин бузганын аныктоого жүргүнчүлөр көмөктөшө баштады. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти. Буга чейин башкармалык жарандардын кайрылууларын түз кабыл алган WhatsApp номерин ишке киргизген. Маалыматка ылайык, ага жүргүнчүлөр айдоочулардын жол эрежелерин бузганын сүрөт жана видеого тартып жөнөтүшкөн. Эреже бузган айдоочуларга тийиштүү чара көрүү үчүн ЖКККББнын транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү рейддик иш-чараларды жүргүзгөн. Бишкектен жол эрежелерин бузган айдоочулар Ысык-Көл облусунун кире беришинен токтотулуп, жалпысынан 28 протокол толтурулуп, 135 000 сомго айып салынган. Ошондой эле маршруттук унаалардын айдоочуларынын кан басымы текшерилип, жол эрежелери боюнча тийиштүү нускамалар таратылганы кошумчаланды.
АКШнын азыркы администрациясы президент алмашса Вашингтон Украина менен коопсуздук келишимин сактайт деп кепилдик бере албайт. Бул тууралуу Жо Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Швейцариядагы саммитте билдиргенин РИА Новости жазды. Чиновник белгилегендей, түзүлгөн келишимдер жаңы бийлик тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн, бул АКШга гана эмес, башка өлкөлөргө да тиешелүү. Бейшембиде АКШ менен Украина коопсуздук кепилдиги боюнча келишимге кол койгон. Ага ылайык, АКШ 10 жыл украин аскерлерин машыктырат, курал-жарак жана жабдуу өндүрүү боюнча кызматташтыкты бекемдеп, чалгын боюнча маалыматтарды бөлүшүүнү күчөтөт. Анткен менен АКШ администрациясынан түшүндүрүшкөндөй, документте Вашингтондун Украинаны коргоо үчүн өз күчүн колдонуу боюнча эч кандай милдеттенмеси жок. Муну менен бирге америка тарап үчүн эч кандай каржылык милдеттенмелер камтылган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0