00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Унутчаактык, дененин көгөрүшү. Боор оорунун алгачкы белгилери

© Depositphotos.com / SerezniyКапталы ооруган адам. Иллюстративдик сүрөт
Капталы ооруган адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2024
Жазылуу
Дарыгер боордун ооруганы сезилбегендиктен көп учурда илдет өтүшүп кетерин эскерткен.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Боордун оорусу өтүшүп кетмейинче сезилбей жүрө берет. Бул тууралуу гепатолог Бубу Банини "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде билдирген.
Дарыгер маегинде боор адамдын эң чоң органы экенин, ал организмден зыяндуу токсиндерди чыгарып, кандын уюшуна жооп берерин айткан.
"Боордун ооруп жатканы сезилбейт, бирок ыңгайсыздыкты сезген учурда илдет өтүшүп кетиши мүмкүн", — деген Банини.
Адис боор илдети башталганда организмде боло турган белгилерди тизмектеп берген:
Тери менен көздүн агы саргайып калат
Кандагы билирубин көбөйүп кеткен маалда түс өзгөрөт. Адатта билирубинди боор иштеп, организмден чыгарып турат. Ал көбөйсө сарык илдети пайда болот.
Зааранын түсүнүн карайышы
Адам суюктукту аз ичкенде заарынын түсү карайып калат. Бирок боор ооруган учурда дагы зааранын түсү караят.
Унутчаактык
Боор жабыркаган маалда адамдын психикалык абалы да бузулуп, ал унутчаак болуп, уйкуга тартыла берет.
Бут, балтыр жана ичтеги шишик
Шишик — организмде чоң көйгөйдүн белгиси. Көбүнчө цирроз илдетинен адамдын буту, балтыры шишип, ичине суу толуп калышы мүмкүн.
Дене бат эле көгөрүп, канталап калат
Боор кандагы белокту иштеп чыгып, ал кандын уюшуна жардам берет. Бул процесс бузулган кезде кан токтобой, акырын урунуп калган учурда дене көгала боло берет.
Гепатолог адам сарык болсо, психикалык абал дароо өзгөрсө, заң менен зааранын түсү карайып кетсе, кан аралаш кусканда, бут, балтыр жана ич шишип кетсе, дем алуу кыйындаса дароо дарыгерге кайрылуусу зарылдыгын эскертет.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2024
Пресс-борбор
Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө боор алмаштыруу операциялары качан жасаларын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0