00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги этабы болуп өттүЛавров БРИКС уюмунун глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү ролу өсүп жатканын айттыСтатком өлкөдө орточо айлык акы 35 миң сомго жакындаганын билдирди алдыда кененирээкБишкек шаарында 19-майдан 25-майга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору жана топографиялык жумушчу топтору жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Жолугушуунун алкагында тараптар чек ара сызыгынын калган тилкелердеги өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты. Кийинки сүйлөшүүлөр Тажикстанда өтөт жана анда калган аймактарды сыпаттоо боюнча иш улантылат.
Кыргызстанда январь-апрель айларында орточо айлык акы 34 миң 391 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов брифингде айтты. Бул 2023-жылга салыштырмалуу орточо айлык акы 11,7 пайызга өскөнүн билдирет. Маалыматка караганда, дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк операциялар тармагында, унаа жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, пайдалуу кең байлыктарды казуу, андан тышкары транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында айлык акы өскөнү байкалган.
"Тазалыкта" иштеген аялды коюп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык патрулдук милиция билдирди. Шектүү эмгек өргүүдө жүргөн 32 жаштагы М.Э. аттуу милиция кызматкери экени аныкталып, унаасы айып короого токтотулду. Жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуя 8-июнь күнү таңкы саат 04:40 чамасында болгон. Жол кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, ак түстөгү Daewoo Nexia машинасы Москва — Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде 64 жаштагы аялды сүзүп качып кеткен. "Тазалыкчы" оор абалда ооруканага жаткырылган эле.
KGтай жаш таланттар сынагына катышуу үчүн Кыргызстанга эң мыкты ырчы-бийчилер келишти. Алар Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын сахнасында бир нече күн бою оюн көрсөтүштү. Эң таланттуу артисттерге сыйлыктар тапшырылды. Иш-чара Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.
БРИКС уюмунун глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү ролу өсүүдө, союздун ишине көз арткан өлкөлөрдүн саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Нижний Новгороддо БРИКС өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынын ачып жатып Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров билдирди. РФ ТИМ башчысынын айтымында, БРИКС уюмунун ролу өсүп жатканын союздун ишине кошулууга кызыкдар өлкөлөрдүн тынымсыз көбөйүп жатканы тастыктоодо. Лавров БРИКС өз ара урмат, ачыктык, прагматизм, тилектештик, ишти улантуучулук жана консенсус сыяктуу тең укуктуу кызматташуу принцибин сөз менен эмес иш жүзүндө ишке ашырганын белгиледи. БРИКС уюмунун тышкы иштер министрлеринин эки күндүк жыйыны Нижний Новгороддо дүйшөмбү күнү башталды.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 30 тыйынга 1 евро 94 сом 96 тыйынга 1 рубль 98 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 65 сом 40 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 90 тыйындан тарта, 74 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, 74 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ 11-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 11-июнь, шейшембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31...+36, Таласта +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл аймагында +23...+28, Нарын жергесинде +22...+27 градус жылуу болот. Борбор калаада күндүн табы +32...+34, Ош шаарында +36...+38, Чолпон-Атада +25...+27 градус жылуу болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0