https://sputnik.kg/20240607/ysyk-kol-turisttik-ish-chara-otuudo-1085905566.html
Ысык-Көлдө 2024-жылдын негизги туристтик иш-чарасы өтүүдө. Видео
Ысык-Көлдө 2024-жылдын негизги туристтик иш-чарасы өтүүдө. Видео
Sputnik Кыргызстан
2016-жылы форумга 60 компания катышса, быйыл алардын саны 120дан ашты. 07.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-07T20:43+0600
2024-06-07T20:43+0600
2024-06-08T09:47+0600
кыргызстан
ысык-көл
туризм
https://sputnik.kg/img/07e8/06/07/1085905903_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_183d22d8e4f76fd49284dc0651f99be0.jpg
Чолпон-Атада эл аралык туристтик форум ачылды. Анын алкагында ITF We are Nomads көргөзмө-жарманкеси өтөт. Иш-чарага туроператорлор, пансионаттар менен эс алуу үйлөрүнүн ээлери катышат.Форумду Кыргызстандын курорттор ассоциациясы, I am Nomad жана Sun House коммерциялык уюмдары, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана Туризм департаменти уюштурду.Форумдун программасы беш сессияны камтыйт. Катышуучулар туризм тармагындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, жашыл технологиялар, маркетинг, туризм тармагын санариптештирүү жана башка маселелерди талкуулашат.ААКнын тең төрагасы Азамат Жаманкулов форумда талкууланган көптөгөн иш механизмдери кийинчерээк реалдуу сектордо колдонулуп жатканын белгиледи.Уюштуруучулар иш-чарага 3 миңден ашык адам катышат деп болжошууда.
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/07/1085905903_356:0:1796:1080_1920x0_80_0_0_1f8f050088c2dde5a198841bca1e9fb3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ысык-көл, туризм, видео
кыргызстан, ысык-көл, туризм, видео
Ысык-Көлдө 2024-жылдын негизги туристтик иш-чарасы өтүүдө. Видео
20:43 07.06.2024 (Жаңыртылды: 09:47 08.06.2024) 2016-жылы форумга 60 компания катышса, быйыл алардын саны 120дан ашты.
Чолпон-Атада эл аралык туристтик форум ачылды. Анын алкагында ITF We are Nomads көргөзмө-жарманкеси өтөт. Иш-чарага туроператорлор, пансионаттар менен эс алуу үйлөрүнүн ээлери катышат.
Форумду Кыргызстандын курорттор ассоциациясы, I am Nomad жана Sun House коммерциялык уюмдары, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана Туризм департаменти уюштурду.
Форумдун программасы беш сессияны камтыйт. Катышуучулар туризм тармагындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, жашыл технологиялар, маркетинг, туризм тармагын санариптештирүү жана башка маселелерди талкуулашат.
“Ысык-Көл облусуна 1 миллион 800 миң турист келген, бул көлүбүзгө жана кайталангыс жаратылышка болгон кызыгуунун артканынан кабар берет. Быйыл да туризм тармагына жаңы технологияларды киргизүүнү пландап жатабыз. Анын ичине туристтер үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү, аттракциондор жана маршруттар тууралуу маалымат камтылган мобилдик тиркемелерди түзүү, ошондой эле социалдык тармактарда жана эл аралык туристтик платформаларда биздин аймакты активдүү жарнамалоо кирет”, - деди Далиев.
ААКнын тең төрагасы Азамат Жаманкулов форумда талкууланган көптөгөн иш механизмдери кийинчерээк реалдуу сектордо колдонулуп жатканын белгиледи.
“Жарманкенин алкагында келишимдер менен байланыштар түзүлүүдө. Катышуучулардын саны да көп нерседен кабар берет. 2016-жылы 60 компания болсо, быйыл 120дан ашты, анын жарымынан көбү чет өлкөлүк”, — деди Жаманкулов.
Уюштуруучулар иш-чарага 3 миңден ашык адам катышат деп болжошууда.