https://sputnik.kg/20240607/tets-avariya-zhabyrlanuuchu-uy-berildi-1085876850.html
ТЭЦтеги жарылуудан жабыркагандардын бирине үй берилди
ТЭЦтеги жарылуудан жабыркагандардын бирине үй берилди
Sputnik Кыргызстан
Кырсык болгонго чейин ал үй-бүлөсү менен жатаканада жашап келген. 07.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-07T10:35+0600
2024-06-07T10:35+0600
2024-06-07T10:35+0600
бишкек тэциндеги авария
кыргызстан
тэц
авария
жардам
үй
https://sputnik.kg/img/07e8/02/02/1082386446_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_1def332fbc63e22206a68feb6499dc19.jpg
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкек ТЭЦиндеги авариядан жабыркагандардын бирине ЖЭБдин балансында турган үй берилди. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.Эске салсак, 2-февралда борбор калаадагы ТЭЦтеги жарылуудан беш адам жабыркаган. Эртеси президенттин Ту-154 учагы менен эки кызматкер Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн. 9-майда алар Бишкекке кайтып келип, Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунда реабилитациядан өтүп жатышат.Жылуулук электр борборунун директору Алпбек Садыров ишкана мындан ары да колдоо көрсөтө турганын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20240414/emgek-ukuktary-buzulgandarga-kenemte-tolondu-1084224271.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/02/02/1082386446_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_eab0241ea117b5f942d0f031be491319.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, тэц, авария, жардам, үй
кыргызстан, тэц, авария, жардам, үй
ТЭЦтеги жарылуудан жабыркагандардын бирине үй берилди
Кырсык болгонго чейин ал үй-бүлөсү менен жатаканада жашап келген.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкек ТЭЦиндеги авариядан жабыркагандардын бирине ЖЭБдин балансында турган үй берилди. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 2-февралда борбор калаадагы ТЭЦтеги жарылуудан беш адам жабыркаган. Эртеси президенттин Ту-154 учагы менен эки кызматкер Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн. 9-майда алар Бишкекке кайтып келип, Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунда реабилитациядан өтүп жатышат.
"Бишкек Жылуулук электр борборунун жетекчилиги ишкананын балансында турган үйдү жабырлануучуга берди. Кырсык болгонго чейин ал үй-бүлөсү менен жатаканада жашап, жалгыз багуучу болуп келген", — деп айтылат маалыматта.
Жылуулук электр борборунун директору Алпбек Садыров ишкана мындан ары да колдоо көрсөтө турганын кошумчалады.