https://sputnik.kg/20240605/maksat-asaanaliyev-bashky-prokuror-1085796063.html
Башкы прокурор кызматына Максат Асаналиев келиши ыктымал
Башкы прокурор кызматына Максат Асаналиев келиши ыктымал
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин социалдык тармакка президент Асаналиевдин талапкерлигин көрсөткөнү боюнча маалымат тараган. 05.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-05T09:39+0600
2024-06-05T09:39+0600
2024-06-05T11:38+0600
кыргызстан
башкы прокурор
садыр жапаров
жогорку кеңеш
максат асаналиев
https://sputnik.kg/img/07e7/01/11/1072092653_0:135:1428:938_1920x0_80_0_0_f439ec0c4d95ed3ec4d984977bb0fcb5.jpg
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин көрсөтүп, макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.Азыр Асаналиев Ош облусунун прокурору болуп иштеп жатат.Буга чейин социалдык тармакка президент Асаналиевдин талапкерлигин көрсөткөнү боюнча маалымат тараган. Ички документтин ачыкка чыгып кеткендиги боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканы айтылды.Эске салсак, 3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кеткени белгилүү болгон. Ал эми 4-июнда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Курманкул Зулушевдин башкы прокурор кызматынан кетүү тууралуу арызын жактырган.
https://sputnik.kg/20240528/ulanbek-aaliyev-sverdlov-riib-1085553832.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/11/1072092653_0:0:1428:1071_1920x0_80_0_0_b795cda625da8f5e13561635484d6488.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, башкы прокурор, садыр жапаров, жогорку кеңеш, максат асаналиев
кыргызстан, башкы прокурор, садыр жапаров, жогорку кеңеш, максат асаналиев
Башкы прокурор кызматына Максат Асаналиев келиши ыктымал
09:39 05.06.2024 (Жаңыртылды: 11:38 05.06.2024) Буга чейин социалдык тармакка президент Асаналиевдин талапкерлигин көрсөткөнү боюнча маалымат тараган.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин көрсөтүп, макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Азыр Асаналиев Ош облусунун прокурору болуп иштеп жатат.
Буга чейин социалдык тармакка президент Асаналиевдин талапкерлигин көрсөткөнү боюнча маалымат тараган. Ички документтин ачыкка чыгып кеткендиги боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканы айтылды.
Эске салсак, 3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кеткени
белгилүү болгон. Ал эми 4-июнда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Курманкул Зулушевдин башкы прокурор кызматынан кетүү тууралуу
арызын жактырган.