00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:14
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
18 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:18
49 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Депутат 8-мартты иш күн кылып, Курман айтты үч күн белгилөөнү сунуштады1-класска каттоодо борбор калаада айрым мектептер 1-этапта эле толуп калдыАлматыда ЖККУ өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын жыйыны өтүүдө алдыда кененирээкАлматыда ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин төрагаларынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Жыйындын жүрүшүндө алар уюмдун алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Эртең менен төрагалар Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим этип, Өчпөс отко гүл коюп, андан соң Касым-Жомарт Токаев менен жолугушкан.
Депутат Жалолидин Нурбаев 8-мартты иш күн кылып, Курман айтты үч күн белгилөөнү сунуштады.Бүгүн Жогорку Кеңештин агрардык саясат комитети жаңы Эмгек кодексинин долбоорун жактырды. Ага ылайык, 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь мындан ары жумуш күн болуп саналат. Жыйында депутат Жалолидин Нурбаев 8-мартты деле иш күн кылууну сунуштаган. "Эми бул күн 100 жыл мурда эле белгиленип калган. Аны кайра-кайра эме кыла бербей... Мейли, майрамдагандар майрамдай берсин. Бирок иштегендер иштей берсин да", — деген эл өкүлү. Ал Курман айтты үч күн катары менен белгилөөнү сунуштаган.
Кыргызстанда балдарды 1-класска каттоонун биринчи этабы соңуна чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Буга байланыштуу бүгүн, 3-июнда, 1-класска каттоонун II этабы башталды. Саат 12:30га карата алынган маалымат боюнча, 9 миң 628 бала катталды.Эскерте кетсек, II этапта балдар жашаган жерине карабастан 3-июндан 30-августка чейин каалаган мектепке каттоого тура алат. Ата-энелер 1-класска онлайн режими менен mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланыкаттайт.
"Кыргызстандын бермети" эл аралык спорттук фестивалында быйыл спорттун 23 түрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, 350 бел кур байгеге коюлду. Ири мелдеш 11-22-июнь аралыгында Ысык-Көлдө өтөт. Мындай маалыматты "Кыргызстандын бермети" эл аралык спорттук фестивалынын негиздөөчүсү Бекболсун Советбеков биздин радиого билдирди. Борбор Азиядагы эң ири спорттук фестиваль Дене тарбия жана спорт департаменти менен бирге уюштурулуп жатат. Сегизинчи ирет өтүп жаткан эл аралык иш-чарага Кыргызстан, Россия, Түркия, Индия, Пакистан, Түркмөнстан, Азербайжан, Казакстандан спортчулардын келери күтүлүүдө. Мелдештин өзгөчөлүгү катары программада спорттун олимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү камтылган.
Россиянын Башкы прокуратурасы АКШ, Германия, Франция жана Кипрдин компетенттүү органдарына РФке карата жасалган терактылар, анын ичинде "Түндүк агымдардагы" жардыруулар боюнча кошумча сурам жөнөттү. Бул туурасында аталган көзөмөл органдын расмий өкүлү Андрей Иванов журналисттерге айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды. "Башкы прокуратура АКШ, Германия,Франция жана Кипрдин компетенттүү органдарына Россиянын аймагында РФтин кызыкчылыгына, жарандарына каршы жасалган террордук чабуулдар, ага байланыштуу кылмыштуу иштер боюнча кошумча сурам жөнөттү. Мунун ичинде эл аралык террордук актыга байланышкан "Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурларынын жардырылышы да бар", — деген ал. Ивановдун айтымына караганда, болгон фактыларга карабастан, АКШ, Кипр жана Франциянын компетенттүү органдары финансылоо жана башка аракеттер боюнча олуттуу иликтөө жүргүзгөн жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0