00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Алматыда апта бою ЖККУнун алкагындагы иш-чаралар өтүп жататЖМК Батыш Украинанын капитуляциясына макул экенин жазып чыктыКыргызстанда жасалган паспорттор бүгүндөн тарта бериле баштайт алдыда кененирээкБүгүн Кыргызстанда өлкө ичинде даярдалган жалпы жарандык паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармак аркылуу билдирди. Кыргызстанда чыгарылган алгачкы паспортту тапшыруу аземи бүгүн Жибек Жолу проспекти менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишиндеги №4 Калкты тейлөө борборунда өтөт. Буга чейин Кыргызстандын чет элдик паспорттору Германияда, ID-карта Түштүк Кореяда чыгарылып келген. "Бул документтерди чет өлкөдө жасатуу үчүн мамлекет болжол менен 15 миллиард сом короткон", — деди президенттик аппарат. Паспортту "Учкун" басмаканасы даярдап, мурдагысына салыштырмалуу коргоо элементтери көп болот.
Алматыда 30-майдан 6-июнга чейин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. Жакынкы күндөрү Алматыда ЖККУнун алкагында өтө турган (өтүп жаткан) иш-чаралардын тизмеси: 30-31-май — ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлер кеңешинин жыйыны (учурда өтүүдө); 2-3-июнь — ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин отуруму; 5-6-июнь — ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин отуруму. Иш-чаранын масштабын, ошондой эле катышуучулардын жана коноктордун санын эске алуу менен Алматынын тургундарына шаарда жол кыймылы жарым-жартылай чектелерин Ички иштер башкармалыгы эскертти.
Дене тарбия жана спорт департаментинин жооптуу кызмат адамдары ири суммадагы акча каражатын мыйзамсыз ыйгарууга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору, эсепчиси жана Дене тарбия жана спорт департаментинин каржы бөлүмүнүн башчысы кармалган. "Алар Көк бөрү, Кыргыз улуттук классикалык күрөш, Алыш бел боо күрөш, Салбуурун, Кулатуу, Ат оюндары федерацияларын көзөмөлдөгөн усулчу жана машыктыруучулар менен алдын ала макулдашып алып, 2022-жылы Түркияда өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барып келген спортчуларга күнүмдүк тамак-ашына, байге фондуна жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү үчүн мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн акча каражатын мыйзамсыз ыйгарып алышканы такталды", — деп жазылат маалыматта. Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар жооптуу кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Батыш мамлекеттери Украинанын капитуляцияланышына жана Россиянын шартындагы тынчтык сүйлөшүүлөргө акырындык менен макул болууда. Бул туурасында РИА Новости iDNESтун журналисти Адам Гаектин жазганын кабарлады. Макалада "чатакты жөнгө салуу максатында" Швейцарияда июнь айында өтчү саммитке негизги державалардын — Россия, Кытай жана АКШнын башчылары келбей турганы белгиленген. Көзгө көрүнгөн лидерлерден немец канцлери Олаф Шольц жана франция президент Эммануэль Макрондун болору айтылган. "Бул украиналыктар үчүн кооптоно турган белги. Алардын тынчтык планынын максаты — Батыштагы союздаштарынын кепке келүү боюнча угуза айтышына тоскоолдук кылуу. Киев бул кореялык сценарийге алып келет деп кооптонууда. Ал — Батыш де-факто облустардагы россиялык көзөмөлдү мойнуна алып, тааныйт", — деп айтылган материалда. Гаектин айтымында, Россия менен сүйлөшүүнүн зарылдыгы туурасында дыкаттык менен сөздөр негизинен Батыштан чыгып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0