00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Байден Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишке АКШ жалгыз жеткенин айтты. РФтин жообу

© AFP / MANDEL NGANАКШнын президенти Жо Байден Улуттук эскерүү күнүнө арналган аземинде
АКШнын президенти Жо Байден Улуттук эскерүү күнүнө арналган аземинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2024
Жазылуу
Бүгүн Америка өзүнүн антифашисттик өтмүшүн жокко чыгарып отурганы белгиленди.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. АКШнын соңку президенттери тарыхый ревизионизм менен жабыркап келишет. Мындай билдирүүнү Россия Тышкы иштер министрлиги Жо Байдендин Экинчи дүйнөлүк согушта АКШ жалгыз жеңишке жетишкени тууралуу айтканына жооп кылып таратты.
ЖМКлардын маалыматтарында Байден Улуттук эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасап, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда америкалык жоокерлер Европаны бошотуп, "дүйнөнү сактап калганын" айткан. СССР жана башка мамлекеттердин Жеңиш үчүн кошкон салымы тууралуу сөз болгон эмес.
"Мезгил америкалык президенттер институтун дегеле аябай койду. Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан лидерлердин мууну кетти (Дуайт Эйзенхауэр, Жон Фицджералд Кеннеди), алар Үчүнчү рейхти кыйратууга Советтер Союзунун чечүүчү салымы тууралуу унчукпай коюуга жол беришмек эмес. Бул муун Франклин Делано Рузвельттин Кызыл армиянын дарегине айтылган суктануусун, ыраазычылыгын жакшы билчү", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Ведомство төрт жыл мурун Россия менен АКШнын лидерлери (Владимир Путин менен Дональд Трамп) Эльбадагы жолугушуунун 75 жылдыгына карата билдирүү жасашканан эске салган. Анда президенттер бул тарыхый окуя "Бириккен Улуттардын 1942-жылдагы Декларациясынын алкагында бириккен көптөгөн мамлекеттер менен элдердин болуп көрбөгөндөй аракетинин туу чокусу" болуп калганын белгилешкен.
"Ак үйдүн азыркы ээси өзүнөн мурунку адамдын "фашизмди чогуу талкалагандардын эрдигине таазим кылабыз. Алардын баатырдыгы эч качан унутулбайт" деген сөзүн кайталоого жөндөмсүз сыяктуу. Киевдеги неонацисттик режимди колдогондордун оозунан мындай сөздүн чыгышы деле күмөн. Бүгүн Америка өзүнүн антифашисттик өтмүшүн жокко чыгарып отурат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал арада Россия АКШсы жок деле союздаштардын 1945-жылдагы Жеңишин эскере берери белгиленди. 9-май күнү Кызыл аянтта өткөн Жеңиш парадында сүйлөгөн РФ президенти Владимир Путиндин сөзү буга ачык далил.
"Россия эч убакта экинчи фронттун орду менен союздаштардын жардамын четке кагып, маанисин төмөндөткөн эмес. Антигитлердик коалициянын, Француз каршылыгынын жоокерлеринин, партизандардын, Япониянын милитаристтик агрессиясына каршы согушкан Кытай элинин эрдиги жүрөгүбүздө сакталуу. Жалпы күрөшүбүз, тилектештиктин улуу салты унуткарылбайт", — деген Путин.
Россиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянтта Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына арналган аскердик параддын алдында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Путин Ата Мекендик согуштагы СССР элдеринин эрдиги тууралуу айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0