00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү экономика өлкөнү өнүктүрүүнүн күчтүү драйвери болот — Create4 Design фестивалы жаратмандардын башын бириктирет
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Госпрограммы и поддержка инициатив: зачем власти делают ставку на развитие Токмока, Нарына и Кара-Балты
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПИНдеги каталарды оңдоону жөнөкөйлөтүү: жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему о домашнем насилии стали говорить чаще, а случаев меньше не становится
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ишкерлерден 44 арыз түштү. Ак ниет ишкерлерди реестрге каттоо процесси кандай жүрүүдө?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Депутат Дастан Жумабеков "КРдин министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү сунуштап, ал Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети тарабынан жактырылды. "Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын министрлер кабинети эмес, министрликтердин жана ведомстволордун деңгээлиндеги аткаруу бийлиги камсыз кылат. Анткени бул конституциялык мыйзамдын 13-беренесинде министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарында Жогорку Кеңештин чечимдерин аткаруу ченеми жок. Бул позиция укуктун коллизиясы, башкача айтканда, мыйзамдагы боштук болуп саналат", — деп жазылган мыйзамдын негиздемесинде. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин чечимдери токтом менен кабыл алынып, республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш экени белгиленген. Мындан улам "КРдин министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 13-беренесинин биринчи бөлүгүн "жана Жогорку Кеңештин" деген сөз менен толуктоо сунушталган. Мындан тышкары, өкмөттүн мыйзамды карашы үчүн кошумча мөөнөт берүү каралган.
Улуттук тарых музейинде археолог-этнографтарды илимий экспедиция жүргүзүү үчүн аймактарга узатуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында жарлыкка кол койгон. Анын негизинде "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасы иштелип чыгып, өз ишин баштаган.Бул программаны ишке ашырууга президенттин тапшырмасы менен алгачкы жолу ири каражат бөлүнгөнү кошумчаланды.
Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп Уланбек Аалиев дайындалганын Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар ​​билдирди.Тиешелүү буйрукка бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков кол койгон.Эске салсак, Уланбек Аалиев 2021-жылы ишкер айымдан пара талап кылууга айыпталган. Аскер прокуратурасы тарабынан кармалып, "Кыйноо", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Опузалап пара талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчи май райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 300 миң сом айып салган. Кийин Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун чечими менен Аалиев реабилитациялоо укугу менен акталган.Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Абитов борбор калаадагы 13-майда жана 18-майга караган түнү болгон окуяларга байланыштуу кечээ иштен алынган.
Жыргалаң суусуна түшүп кеткен К.М. аттуу жети жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматка караганда, 28-майда, куткаруучулар наристени Дача тилкесиндеги көлдүн жээгинен 500 метр алыстыктагы суунун ичинен табышкан. Бөбөктүн сөөгү туугандарына өткөрүп берилди.Эске салсак, 18-майдан бери аталган суудан эки кыз изделип жаткан. Алар Михайловка айылындагы Дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна түшүп кетишкен. Биринин сөөгү табылып, экинчиси изделип жаткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0