00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
2 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Аутизм рядом: как помочь семьям и изменить отношение общества
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жарым кылым тарыхы бар Авиациялык институт — эл аралык кызматташтыгы, окуу сапаты
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Профессии будущего: что предлагает кыргызстанцам университет связи в Петербурге
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
90 жылдык тарыхы бар театр. Орус драма театры Улуу Жеңишке карата Айтматовдун чыгармасын даярдоодо
11:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
РКӨФ быйыл 145 миллион долларга долбоорлорду каржылайт — фонд канча ГЭС курат?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөдө асыл тукум малды көбөйтүү иши кандай жүрүп жатат? – Мал чарбаларга мамлекет тарабынан кандай көмөк көрсөтүлүүдө?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
История на стендах: в Бишкеке открылась выставка о писателях войны
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бакыт же байлык. Кыздар эмне үчүн бай адамга турмушка чыгууну каалайт?
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө асыл тукум малды көбөйтүү иши кандай жүрүп жатат? – Мал чарбаларга мамлекет тарабынан кандай көмөк көрсөтүлүүдө?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду "Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө" келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. "Бул негизги документ мамлекеттүүлүктүн жаңы шарттарында биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин укуктук негиздерин бекемдеп, өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу өбөлгөлөрдү түздү. Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу мындан ары да конструктивизмдин, достук мамиленин, коңшулаштыктын, ишенимдин принциптерине негизделген процессти натыйжалуу илгерилетүүгө кызмат кылат деп ишенем", — деп айтылат Рахмондун телеграммасында. Ал белгилегендей, тажик тарап мамлекеттер аралык диалогду улантууга кызыкдар.
Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети уран жана торий кендерин иштетүүгө тыюу салууну жокко чыгарган мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам долбоору боюнча жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев маалымат берди. Анын айтымында, уранды иштетүүгө салынган тыюу башка сейрек кездешүүчү металлдарды казууга жолтоо болууда. Тыюунун алынышы дүйнөлүк рынокто чоң суроо-талапка ээ болгон 83 кенде пайдалуу элементтерди казууга мүмкүндүк берет. Тургунбаев башкалардын ичинен титаномагнетиттин ири запасы бар Кызыл-Омпол кенин белгиледи. Аны мамлекеттик компаниялар иштетет. "Бул кен 1000ден кем эмес адамды иш менен камсыздайт, биринчи этабында эле бюджетке 150 миллион доллар түшөт. Жалпысынан төрт этап пландалууда. Экология маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Кенди иштетип, ал жерди зыяндуу металдардан тазалайбыз", — деди Тургунбаев. Министр урандын запасы Кызыл-Омпол кенинде 3,5 тонна жана Таш-Булак кенинде 10 тоннаны түзөрүн кошумчалады. Эске салсак, Экономика жана коммерция министрлиги бул мыйзам долбоорун февраль айында министрлер кабинетине сунуштаган. Ал Жогорку Кеңешке 16-майда келип түшкөн.
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.Ага ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. "Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы жана Москва шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Армениядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду", — деп жазылган маалыматта.Гүлнара-Клара Самат аталган кызматка Аликбек Жекшенкулов кеткенден кийин 2021-жылы дайындалган.
Бишкектин түштүк тарабында 2,8 чакырымдык веложол курула турганын мэриядан кабарлашты."Бишкек башкы архитектура" ишканасынын адистери Садырбаев көчөсүнүн батыш тарабындагы Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуар жана веложол куруу үчүн схема түзүп чыгышкан. Веложолдун узундугу 2,8 чакырымды, тротуардын туурасы 3 метрди, ал эми веложолдун туурасы 2,4 метрди түзөрү айтылды. Былтыр Садырбаев көчөсүнүн чыгыш тарабындагы Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2,8 чакырым тротуар жана веложолдун курулушу бүткөрүлгөнү кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0