00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как РКФР отбирает проекты для финансирования и поддерживает инициативы в ЕАЭС
12:09
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү бериле баштады — эмнелерди билүү керек?
13:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Запад, Восток, Юг, Север: геополитические координаты современности
14:05
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2024-жыл “Элдик Банк” үчүн тарыхый бурулуштуу жыл болду
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Секреты актерского успеха: как развить все необходимые качества
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Пайыздык коюмдар жана инфлация
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Развитие трансплантации, строительство больниц и изменение законов: итоги года в здравоохранении КР
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Үй бүлө куруу керекпи же маанилүү эмеспи? Үй бүлө институтунун бүгүнкү абалы
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2024-жыл “Элдик Банк” үчүн тарыхый бурулуштуу жыл болду
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
"Манас" эл аралык аэропорту Пакистан жарандарынын аэробекетке топтолушу боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматка караганда, 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуядан кийин 21-майда Пакистандын бийлиги өз жарандары үчүн бекер каттамдарды уюштурган. Буга байланыштуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы жарандары аэропортко жапырт келип, аларды акысыз каттамга каттоону талап кылышкан."Учуп кетүүнү каалагандардын саны учактагы орундардын санынан өтө эле көп болгондуктан, ызы-чуу башталган. Аэропорттогу пакистандыктар өз бийлигине нааразы болуп, Кыргызстандан акысыз учуп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү талап кылышкан. Башында Кыргызстандагы бардык пакистандыктарга акысыз учуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Кийинчерээк Пакистандын ТИМи атайын тизме берген. Ал тизмеге каалоочулардын баары кирбегендиктен, нааразычылыктар жаралган", — деп жазылат билдирмеде. "Манас" аэропорту тизмени кыргыз бийлиги эмес, Пакистан бийлиги түзүп, өзгөрткөнүн айтып, маселени чечүү үчүн аталган мамлекеттин Бишкектеги элчилигине кайрылууну өтүндү. Ишкана "чет элдик жарандарга аэропорттун кызматкерлери орой мамиле жасайт" деп социалдык тармакка тарап жаткан видеолор боюнча да үн катты. "Аэропорттун өз эрежелери бар. Маселен, бир адам катталып жатканда башкалары сары сызыктан өтпөшү керек. Пакистан жарандары ал эрежелерди сактабай, каттоо жерлерине үйүлүп алышкан. Кызматкерлердин айтканын да угушкан эмес. Мындан улам катуу чара көрүүгө туура келген", — деди ишканадан.
Түп районуна караштуу Михайловка дачасындагы Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи кыз изделип жатканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Эске салсак, 18-майдан бери суудан эки кыз изделип жаткан. Алар Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна түшүп кетишкен. Кечээ сегиз жаштагы кыздын сөөгү табылган. Учурда алты жаштагы бөбөк изделүүдө. Издөө иштерине бүгүн 15тей куткаруучу, 20га чукул жергиликтүү тургун чыкканы айтылды.
Бишкекте күн мурун башталган футбол боюнча "Мурас" салттуу достук мелдеши президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө. Бүгүн, 26-майда "Президенттин командасы" курамы 1/4 финалда "Билим" командасын утуп алды. Эске сала кетсек, мамлекет башчысы министрлерден, маморгандардын жана администрациянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринен турган Президенттин командасынын курамында ойнойт. Бишкекте 25-26-майда салтка айланган "Мурас" достук мелдеши өтүүдө, ага ар кыл тармактардан топтолгон 16 команда катышып жатат.
Россияда мобилизация жүргүзүүгө муктаждык жок экенин өлкө башчысы айтып эле келе жатат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новостиге билдирди. Песков бул билдирүүсү менен Financial Times басылмасына "ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында Россияга кайрадан мобилизация жарыялоого туура келет" деп чыккан маалыматка жооп берген. "Financial Times чыныгы абалды түшүнө алышында шек бар. Өзүңүздөр билгендей, бизде келишимдик негизде аскерлерди алуу активдүү жүрүүдө, бул күн сайын болуп жаткан иш. Президент да буга чейин аскер кызматкерлеринин билдирүүсүнө таянуу менен мобилизациялоого муктаждык жок экенин бир нече жолу айткан", — деген Песков.
Жаңылыктар түрмөгү
0