00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Трудности перевода: почему кыргызским писателям не хватает переводчиков
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Балдардын суудагы коопсуздугу толугу менен ата-энелеринен көз каранды!». Сууга түшүүдө кандай коопсуздук эрежелерин сактоо керек?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше денег, меньше вакансий: изменит ли реформа кадровый кризис в школах КР
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
13:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
2019-2023-жылдар аралыгында Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен өз ара жана тышкы соодасынын көлөмү 1,6 эсеге өстү. Анын ичинде экспорт 1,8 эсе, импорт 1,5 эсе көбөйгөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркмөнстанда (Ашхабад) өтүп жаткан КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында айтты. Ал 2023-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин үлүшү Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүнүн 33 пайызын түзгөнүн белгиледи. Жапаров акыркы үч жылда Кыргызстандын экономикасы ишенимдүү темпте өсүп жатканын, буга КМШ менен соода көлөмүнүн олуттуу өсүшү, ал мамлекеттер менен өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү дагы өбөлгө болгонун айтты. "Интеграциялык бирикменин мейкиндигинде ишенимдүү транспорттук-логистикалык каттамдарсыз соода-экономикалык алаканы кеңейтүү, сооданы арттыруу мүмкүн эмес", — деген минкаб төрагасы. Жапаров сөзүнүн соңунда кеңеш тарабынан күн тартиби боюнча кабыл алына турган чечимдер шериктештиктин элинин жашоо деңгээлин жогорулатууга, экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө багытталарына ишенимин билдирген.
Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара делегацияларынын сүйлөшүүсү болуп өттү. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 19-майдан 25-майга чейин болгон. Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелерин аныктоо боюнча сунуштар менен алмашканы айтылат. Кийинки кезигүү Тажикстандын аймагында болот. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Буга чейин тараптар чек аранын 90 пайыздан ашыгын макулдашканы айтылган.
Бишкекте тургунду "компроматтарды таратам" деп коркутуп, ири өлчөмдөгү акча талап кылып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады. Биринчи май РИИБге арыз түшкөн. Анда эркек киши белгисиз адамдар "жеке сүрөттөрүңдү ачыкка чыгарабыз" деп коркутуп, 200 миң сом талап кылып жатышканын айткан. Шектүү катары Жалал-Абаддын 19 жаштагы жашоочусу кармалды. Ал арыз ээсинен 12 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Кылмышка катыштыгы барлар изделүүдө.
НАТО Эстония, Латвия, Финляндия жана Румыния мамлекеттеринде Россиянын чек ара периметрлери боюнча киберлабораториялар тармагын түзүүдө. Алдыда Грузия менен Молдованын чек араларында да пайда болот. Бул тууралуу РФ президентинин маалыматтык коопсуздук тармагындагы эл аралык кызматташтык маселелери боюнча атайын өкүлү, ТИМдин алдындагы Эл аралык маалыматтык коопсуздук департаментинин директору Артур Люкманов РИА Новости агенттигине курган маегинде айткан. "Вашингтон көптөн бери маалымат чөйрөсүндө Россияга каршы гибриддик согуштун ыкмаларын иштеп чыгууда. Негизги аянтча катары Украина пайдаланылууда, алардын хакерлери, анын ичинде буга чейин айтылып келе жаткан "IT-армиясы" НАТОнун кураторлорунун колдоосу менен электрондук диверсия жасашууда", – деген ал. Люкмановдун айтымында, Киевге Батыштын чалгындоо кызматтарынын жана куралдуу күчтөрүнүн бөлүмдөрү жөнөтүлгөнү белгилүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0