00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему при росте экономики бизнес всё ещё чувствует риски - беседа с главой МДС
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Деңиз кодекси: деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөгө эмне үчүн керек?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
ЕС требует от Кыргызстана усилить контроль за экспортом - что происходит
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үч жашка чейинки бардык балдар алуучу “Бала ырысы” жөлөкпулунун механизмдери иштелип чыгууда
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Климаттын өзгөрүшү, өрт жана малдын зыяны шартында токой чарбасын калыбына келтирүү
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумабай уулу: ак илбирске фотоаңчылык аркылуу көп киреше тапса болот

© Sputnik / Асель СыдыковаИлбирстерди коргоо фондунун директору, эколог Кубанычбек Жумабай уулу
Илбирстерди коргоо фондунун директору, эколог Кубанычбек Жумабай уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2024
Жазылуу
Илбирстерди коргоо фондунун директору, эколог Кубанычбек Жумабай уулу ак илбирске фотоаңчылык жасоодо Индиянын тажрыйбасын алса болорун айтты.
Ак илбирске улуттук статус берилгенден тарта туристтердин аны көрүүгө болгон кызыгусу дагы күчөдү. Андыктан биз жергиликтүү калкты сапатсыз малдын туягын көбөйтпөй илбирс, аркар, кулжага фотоаңчылык кылуу менен акча табууга үйрөтүп жатабыз. Бул тууралуу Кубаныч Жумабай уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жумабай уулу: ак илбирске фотоаңчылык аркылуу көп киреше тапса болот
Анын айтымында, ак илбирске фотоаңчылык кышкы туризмге кирет.
"Ак илбирстин азайып кетишине алып келүүчү эң башкы коркунучтардын бири — мал туягынын көбөйүшү. Жайыт тарып, тоодогу кийиктер жем, чөпсүз калса илбирстер да азаят. Болбосо бодо малга кол салып, калк ага жырткычтык менен мамиле кылып өлтүрүп салышы ыктымал. Андыктан биз элди малды эле карап отура бербей башка тармактар аркылуу да акча тапканга үйрөтүп жатабыз. Мисалы, төрт айылга бал челектерди алып бердик. Алар муну менен каражат эле таппастан жаратылышты коргоого да салым кошушат. Үч айылда туризм боюнча иш баштадык. Анда жергиликтүү калк келген туристтерге аркар, кулжа жана ак илбирстерди көрсөтүп акча табат. Албетте, аларды тосуп алып, жатаканаларга жайгаштырып, тамагын берип, атын мингизип, мунун баары эле жумуш орундары жана киреше да. Илбирске фотоаңчылык жасоо туризмин биз Индиядан үйрөнсөк болчудай. Өлкөнүн Хемис деген бийик тоолуу аймагында жайгашкан паркында он жылдан бери мына ушинтип акча таап келишет. Алар туристтер үчүн мыкты шарт түзүү менен сегиз күндүк турпакетин сунушташат экен. Анын баасы бир адам үчүн 7 400 долларды түзөт. 2019-жылы аталган корукка 351 турист келген. Кыргызстанда да ушул деңгээлге чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Башкысы, биз аны массалык туризмге айлантпашыбыз керек", — деди Жумабай уулу.
Адис малдын туягын азайтып, жапайы жандыктарга ыңгайлуу шартты кеңейтүү үчүн 10 айылга мөмөлүү бактар тигилип, дагы эки айылга велоспорт туризмин уюштуруу иштери жасалып, жергиликтүү калк менен келишимдер түзүлгөнүн кошумчалады.
Эске сала кетсек, ак илбирс Кыргызстанда улуттук символ статусун алган. "Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө" жарлыгына 2023-жылдын декабрь айында президент Садыр Жапаров кол койгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0