00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Күнүмдүк жаңылыктар 19:00

Күнүмдүк жаңылыктар 19:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Бала-Саруу ГЭСин ишке киргизди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. "Биз Бала-Саруу ГЭСин долбоорлоо менен үч жылга жетпеген аралыкта куруп жетиштик. Бул — өлкө эгемендик алган жылдардагы чакан ГЭС куруу боюнча жүзөгө ашырылган алгачкы мамлекеттик долбоор. Ал мамлекет тарабынан электр кубатын өндүрүү тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет. Элибизге да, эл аралык коомчулукка да бийликтин ишенимин арттырат", — деди президент. Жапаров Бала-Саруу ГЭСин куруу үчүн техникалык-экономикалык негиздемени Энергетика министрлигине караштуу Илим-изилдөө институту учурдун талабына дал келтирип кайра иштеп чыкканын, ал эми курулушту жергиликтүү ишканалар жүргүзгөнүн белгиледи.
Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, 20-майда саат 3:30да "Васильевка" чек ара заставасынан Казакстан тараптан Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети учурунда Пакистандын алты жараны кармалган."Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган чет өлкөлүктөр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп жазылган маалыматта. Учурда аталган фактыга тиешеси барларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатканы кошумчаланды.
Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагындагы мыйзамсыз майнинг-фермалардын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, жалпы майнинг-фермаларда колдонулган 900дөн ашык жабдуу алынган. "Аталган майнинг-фермалардын ээлери "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамды бузуп, расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөй туруп, криптовалюта өндүрүшүн уюштурган", — деп айтылат маалыматта.Учурда тиешелүүлөрдү, ошондой эле келтирилген зыянды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.
Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак ВИЧ жана гепатиттин С түрү кан куюу аркылуу көп сандагы адамга жукканы үчүн элинен кечирим сурады. Бул тууралуу РИА Новости жазды."Бул — Улуу Британия үчүн уяла турган күн. Мен мындай адилетсиздик үчүн чын жүрөктөн кечирим сурагым келет", — деди ал Общиналар палатасында сүйлөп жатып.Британияда 1970-1980-жылдары донорлордун канынан гепатит жана ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган бейтаптар боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Жабыркагандардын көбү гемофилия менен ооруган. Sky News агенттигинин жазганына караганда, аларды дарылоочу препараттар АКШда өндүрүлгөн. Анда баңгиликке берилген жана түрмөдө жаткан адамдар донор болгону белгиленген. Бирок донорлук кан ВИЧке жана гепатиттин С түрүнө текшерилген эмес. Мындан улам 30 миң адам жуктуруп, анын үч миңи каза болгон. Көбү илдетти кайдан кантип жуктуруп алганын билбеген боюнча кеткени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0