00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:54
5 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:05
42 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
СПОТ системасы толук ишке киргенге чейин Кыргызстан ЕАЭБ алкагында бир катар сунуштарды бериши керек
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
5 мин
Максимальный репост
Как ваш смартфон стал главным контролером для чиновников в 2026 году
12:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБде курулуш сектору кандай өзгөрүүдө — курулуш материалдары жетишсизби?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Почему мир становится всё более агрессивным на фоне иранского конфликта - беседа с военным экспертом
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гранттык мүмкүнчүлүктөр жана илим: студенттер менен окумуштуулар үчүн жаңы шарттар
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как товарный знак «Сделано в КР» защитит рынок от подделок
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
КРда ажырашуулардын рекорддук көрсөткүчү: никенин бузулушу экономиканы кандай кыйынчылыкка кептейт?
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новое здание и ДНК-тесты: как Кабмин решил реанимировать службу судмедэкспертизы
18:07
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Эрдик, намыс, мекен! “Баатырлар карызы” тууралуу ачык маек
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
В Бишкеке предложили поднять тариф на воду почти в четыре раза — расказываем детали
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гранттык мүмкүнчүлүктөр жана илим: студенттер менен окумуштуулар үчүн жаңы шарттар
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Минниханов: "Россия — ислам дүйнөсү" тобунун салмагы артты

© Sputnik / АНО "Дирекция спортивных и социальных проектов" / Медиабанкка өтүүГлава Республики Татарстан, председатель группы стратегического видения "Россия Исламский мир" Рустам Минниханов
Глава Республики Татарстан, председатель группы стратегического видения Россия  Исламский мир Рустам Минниханов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2024
Жазылуу
Көп өлкөлөрдөн келгендердин башын бир жерге чогулткан эл аралык иш-чара 19-майда аяктайт.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. "Россия — ислам дүйнөсү" тобунун стратегиялык көз караштары азыркы заманда өзгөчө артып, жогорулады. Ал Россия менен Ислам кызматташтык уюмунун ортосундагы мамилелерди колдогон түзүм болуп калды. Бул туурасында Татарстандын президенти Рустам Минниханов KazanForum алкагында өтүп жаткан конференцияда айткан.
"Азыркы мезгилде топтун ролу өзгөчө өстү. Россия менен Ислам кызматташтык уюмунун ортосундагы мамилелерди колдогон, кызматташууну арттырган, достукту бекемдеген түзүмгө айланды. Өз ара түшүнүшүү жана ишеним артты", — деди Минниханов конференциянын ачылышында.
Анын айтымына, стратегиялык көз караштар тобу — ааламдын деңгээлиндеги диндер аралык диалогдун уникалдуу аянтчасы. Ал руханий-адеп-ахлактык салттарды, Орус православ чиркөөсү менен ислам дүйнөсүнүн диалогун коргоого багытталган.
Минниханов бүгүнкү отурумдун темасы "Россия – ислам дүйнөсү: адилеттүү дүйнө түзүлүшү жана коопсуз өнүгүү" деп аталарын эске салган. Анын жүрүшүндө пикир алмашуулар болуп, катышуучулар менен коноктордун отчеттору угулат да, талкуунун жыйынтыгы боюнча даярдалган эксперттин сунуштары айтылат.
"Россия – ислам дүйнөсү" стратегиялык көз караштагы топ 2006-жылы Евгений Примаков менен Минтимер Шаймиевдин жетекчилиги алдында Россия жана Ислам өлкөлөрүнүн кызматташууну кеңейтүү жаатындагы кеңешме органы катары түптөлгөн. 2006-2009-жылдары алар Москвада, Казанда, Стамбулда, Жиддада жана Кувейтте баш-аягы беш отурум өткөргөн. 2014-жылы РФ президенти Владимир Путин Татарстан президенти Рустам Миннихановго аталган топту жетектеп жана анын ишмердүүлүгүн жандандырууну тапшырган.
2015-жылдын июнунда топтун жыйыны Москвада жыл сайын жаңыланган форматта өткөрүлөт. Ага мурдагы жогорку даражалуу лидерлер, илим жана коомчулуктун өкүлдөрү, бизнес-чөйрөдөгүлөр, диний ишмерлер (ислам жана православие) кирген.
Казанда "Россия – ислам дүйнөсү: KazanForum — 2024" XV эл аралык экономикалык форуму башталды. Ал 19-майга чейин уланат.
KazanForum — Россия менен Ислам кызматташтык уюмунун өлкөлөрүн соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий байланыштарын бекемдеген аянтча. Россия президентинин сунушу менен федералдык макамга ээ болгон. Уюштуруу комитетин РФ вице-премьери Марат Хуснуллин жетектейт.
Казанда Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum — 2024 XV эл аралык экономикалык форуму башталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2024
Казанда ислам дүйнөсүнүн экономикалык форуму башталды. Кыргызстан да катышууда
Жаңылыктар түрмөгү
0