00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Война в XXI веке: военный журналист - о дронах, пропаганде и новой логике конфликтов
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Админстративдик аймактык реформанын экинчи этабы: КРда эмне үчүн округдар түзүлүшү керек?
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кто и почему переписывает историю Великой Отечественной войны?
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Камсыздандыруу компанияларынын кирешеси 1,7 эсеге өстү: камсыздандыруу тармагында эмне өзгөрдү?
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жол фондунун каражатынын 10 пайызы кайда жумшалат — Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алды
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
”Үй-бүлөгө көмөк” жана башка жөлөк пулдар: жаңы талаптар
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечекте банктар жоюлабы? Web 3.0 дүн экономикадагы орду
17:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
”Үй-бүлөгө көмөк” жана башка жөлөк пулдар: жаңы талаптар
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Игорь Чудиновду "Курулуп жаткан электр станциялар" дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.Энергетика министри Таалайбек Ибраевге бул кишини кызматка дайындоодо өлкө башчы Садыр Жапаровго тийиштүү маалымат бербегендиги үчүн эскертүү берилди. Мындан улам энергетика министринин башка буйругу менен аталган ишкананын башкы адиси Равшанбек Касымов "Курулуп жаткан электр станциялар" ААК дирекциясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.Курманбек Бакиевдин бийлигинин учурунда премьер-министр болуп иштеген Игорь Чудинов 7-майда аталган ишкананын жетекчиси болуп дайындалганы кабарланган. Бирок бүгүн кайра иштен алынды.
Саламаттык сактоо министрлиги милдеттүү эмдөөдөн өтө тургандардын тизмесин өзгөртүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Анын негиздемесинде тизме эпидемиологиялык көрсөткүчтөргө ылайык актуалдаштырылганы жана толукталганы белгиленген.Токтом долбоорунун максаты "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" мыйзамды ишке ашыруу болуп саналары кошумчаланган.Мисалы, адамдар жана жаныбарлар үчүн жалпы инфекциялар боюнча жагымсыз аймактардагы айыл чарба, гидромелиоративдик, курулуш жана башка кыртыштарды казуу жана жылдыруу боюнча жумуштарды, даярдоо, өнөр жай, геологиялык, изилдөө, экспедициялоо, дератизациялоо жана дезинфекциялоо иштерин аткаргандар; жалпы жугуштуу оорулар боюнча адам жана жаныбарлар үчүн жагымсыз болгон аймактарда токойлорду даярдоо, тазалоо жана жашылдандыруу, калктын ден соолугун чыңдоо жана эс алуу зоналарында иштегендер бар.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедиясы жана терминология борборунун директору Темирбек Осмоналиев кыргыз тилдүү автор жана түзүүчүлөрдүн эмгектери сынактын негизинде тандалып, басып чыгарыларын айтты."2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү" программасынын алкагында кыргызча китептерди басып чыгаруу үчүн авторлор арасында сынак жарыяланды. Анын жыйынтыгында "Азыркы адабият", "Дүбүрт", "Дүйнө адабияты" жана балдарга арналган сүрөттүү адабияттар сериясындагы китептерди басып чыгаруу пландалууда.Анын айтымында, көрсөтүлгөн убактан кечиктирилип, сынактын шартын аткарбаган чыгармалар конкурска кабыл алынбайт. Ошондой эле Жеңүүчүлөр президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы эксперттик-редакциялык комиссия тарабынан тандалып, алардын чыгармалары китеп болуп басылары кошумчаланды.
Петербургда сууга кулаган автобустагыларды сактап калган 15 кишинин арасында болгон казакстандык Ерхан Аханов каармандыгы үчүн сыйлыкка арзыды. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды.Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов Куткарып калуудагы каармандыгы үчүн артыкчылык белгисин жана саат тапшырды. Бул сыйлык адамдардын өмүрүн өзүнө келген тобокелдикке карабай сактап калууда каармандык менен эрдик көрсөткөндөргө берилет.Эске салсак, 10-майда Санкт-Петербургда ичинде жүргүнчүсү бар автобус көпүрөдөн Мойка дарыясына кулап, ичиндегилердин көбүн куткарып калууга мүмкүн болгону менен жети киши көз жумган.Алдын ала берилген маалыматта кырсыкка рулдун башкаруудан чыгып кетиши, андан сырткары, автоунаанын токтотуучу системасы да иштебей калганы себеп болушу мүмкүндүгү айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0