00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Панфилов дивизиясынын жетекчилиги Ысык-Көлдөгү ардагерлерди куттуктадыБайден Газадагы миңдеген кишинин өлүмүнө АКШнын катыштыгы бардыгын моюндады10 өлкөнүн президенттери Белгисиз жоокердин бейитине гүл коюшту алдыда кененирээк10 өлкөнүн президенттери, анын ичинде Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин Москвадагы Белгисиз жоокердин бейитине гүл коюшту.Бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин Россиянын гимни жаңырды. Белгилей кетсек, Жеңиш парадына Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь, Түркмөнстан, Лаос, Куба жана Гвинея-Бисау мамлекеттеринин президенттери катышты.
Акылбек Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевден кабар алды Минкаб башчысы Садыр Жапаровдун атынан ардагерге президенттин фондунан бөлүнгөн 100 миң сомду тапшырып, Аспек Жумашевге чың ден соолук жана бакубатчылык каалады. Аспек Жумашев 1924-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган. 1942-жылы армияга чакырылган. Ардагер II даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана юбилейлик медалдар менен сыйланган.
Панфилов дивизиясынын жетекчилиги Ысык-Көл облусунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өттү. "СССРдин Баатыры Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жетекчилиги Каракол жана Балыкчы шаарларынын администрациялары менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын үйүнө барып куттукташты", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле Балыкчы шаарында да митинг-реквием өткөнү кошумчаланды.
Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери сыйланды Шаар башчысы Бакытбек Жетигенов 99 жаштагы ардагер Касымбай Жолдошовдон кабар алып, Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сом жана башка белектерди тапшырды. Мындан тышкары, ооруктун эмгекчилерине да белек-бечкек таратылган.
Россия Жеңиш күндү аскердик атайын операция учурунда белгилеп жатат, ал эми азыр кармаштын алдыңкы чектеринде жүргөндөр — баатырлар. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянтта Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына арналган аскердик параддын алдында айтты. Мамлекет башчы Россия эли атайын операциянын катышуучуларынын каармандыгына, эрдигине жана чыдамдуулугуна баа берип, таазим этерин белгиледи."Россия өткөөл мезгилди, оор учурду баштан кечирүүдө. Анын тагдыры жана келечеги ар бирибизге байланыштуу. Жеңиш күнүндө биз бул сөздүн күчүн мурдагыдан да курчураак сезип, түшүнүп жатабыз. Эр жүрөк, акылдуу, достукту баалаган, кыйынчылыкка туруштук бере алган, ар дайым өзүнө жана өлкөсүнө ишенген муунга үмүт артабыз. Ал эми азыр кармаштын алдыңкы чектеринде жүргөндөр — баатырлар ", — деди Путин.
Президент Жозеф Байден CNN телеканалына берген интервьюсунда Израилге АКШ берген курал Газа тилкесиндеги миңдеген адамдардын өлүмүнө себепкер болгонун биринчи ирет эл алдында мойнуна алды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Бул бомбалардын кесепетинен Газада жай жарандар каза тапты", — деген ал. Байденге Газа тилкесиндеги аскердик операция калк жыш жайгашкан Рафах шаарына жайылып кетет деген кооптонуулардан улам Израилге берилбей калган "2000 фунттук аба бомбалары" боюнча суроо беришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0