10-майга карата аба ырайы

© AFP / GERARD JULIENЖаандан кийинки маргариткалар. Архив
Жаандан кийинки маргариткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Жазылуу
10-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. 10-май, жума күнү, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +20...+25, Талас аймагында +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында +21...+26 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +23...+25 градуска жетсе, Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкектеги Асанбай паркынын ордуна салына турган заманбап оюн-зоок паркынын эскизи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Бишкектеги "Асанбай" паркынын ордуна заманбап оюн-зоок паркы салынат. Эскиз
Жаңылыктар түрмөгү
0