00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя жеринде териштирилет

© Фото / пресс-служба полпредства президента в Баткенской областиЭки облустун башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода. Архив
Эки облустун башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында катталган окуя аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбейт деп белгилешкени айтылды.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны Баткен жана Согд облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жеринде териштирет. Бул тууралуу эки облустун башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода телефон аркылуу сүйлөшкөндө макулдашканын президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, президенттин Баткен облусундагы өкүлү менен Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы эки облустун чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча макулдашып, кыргыз-тажик чек арасында катталган окуя аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбейт деп белгилешкени айтылды.
Ошондой эле Баткен жана Согд облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин окуя болгон жерде жолугушуп, териштирүү макулдашылганы белгиленди.
Буга чейин Тажикстандын малчылары мал кайтарып жүрүп чек арадан өтүп кеткени айтылган. Алар Кыргызстандын аймагынан чыгууну талап кылган чек арачыларды таш менен уруп, ал тургай мылтык менен атышкан. Аларга жооп катары чек арачылар асманды көздөй эскертүүчү ок чыгарышканда чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен.
Азыркы тапта кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жагдай туруктуу экени кошумчаланды.
Встреча топографических рабочих групп по правовым вопросам по делимитации кыргызско-таджикской государственной границы в Баткене - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтор Баткенде жолугушту
Жаңылыктар түрмөгү
0