00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны Баткен жана Согд облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жеринде териштирет. Бул тууралуу эки облустун башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода телефон аркылуу сүйлөшкөндө макулдашканын президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, президенттин Баткен облусундагы өкүлү менен Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы эки облустун чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча макулдашып, кыргыз-тажик чек арасында катталган окуя аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбейт деп белгилешкени айтылды. Ошондой эле Баткен жана Согд облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин окуя болгон жерде жолугушуп, териштирүү макулдашылганы белгиленди. Азыркы тапта кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жагдай туруктуу экени кошумчаланды.
Беларустун ордо калаасы Минск шаарындагы №11 орто мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылганын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Салтанаттуу иш-чарага катышкан Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин, аталган өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын жана мектеп окуучуларынын алдында сүйлөп, Жумаш Асаналиевдин эрдиги бардык келечек муундар үчүн чыныгы патриоттуулуктун жана эрдиктин үлгүсү экенин белгиледи. Иш-чаранын алкагында мемориалдык тактанын ачылышы жана мектеп окуучуларынын катышуусунда концерттик программа тартууланган.
Бишкек шаардык мэриясындагы Муниципалдык инспекция бир күндүн ичинде борбор шаарда көрктөндүрүүнү бузган тараптарга 702 миң 500 сом айып салды. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады. Борбор калаадагы көрктөндүрүү объектилерин сактоо боюнча рейд 6-майда өткөн. Анда 55 протокол түзүлгөн. Айып негизинен жашоочуларга жана чарбалык субъектилерге жазылган. Шаар мэриясы тургундарды, чарба жүргүзүүчү субъектилерди Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырды. Болбосо мыйзам бузуучуларга Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, айып пул салынары эскертилди. "Тазалыкты жана тартипти, санитардык жана экологиялык нормаларды сактоону суранабыз", — дешти мэриядан.
Геосаясий ар кыл таасирлерден улам дүйнө экономикасы АКШ, Кытайга таянгандарды жана ага байланбагандарды кошкондо үч блокко бөлүнүп калды. Бул туурасында Эл аралык валюта фондунан (ЭВФ) айтышканын РИА Новости жазды. "Үч блокко бөлүндү деп каралгандар: АКШга таянгандар, Кытайга баш койгондор жана булар менен байланышы жок өлкөлөр блогу", — деп айтылган фонддун геосаясат жана дүйнөлүк соодага арналган докладында. ЭВФтин берген баасына караганда, дүйнө экономикасынын өзүнчө топторго бөлүнүп кетиши товар сатуунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана инвестициялардын чектелишин күчөттү. Булардын саны 2023-жылы үч миңден ашкан. Аталган уюм, мындан сырткары, 2017-2023-жылдары Кытайдын АКШдагы импорттук үлүшү Пекин менен Вашингтондун тирешүүсү күчөгөндөн улам 8 пайызга азайгандыгын белгиледи. Фонд өзүнүн эсептөөлөрүнө таянып, Россия менен Батыштын ортосундагы соода-сатык алакасы Украина чатагынын фонунда "ураганын" кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0