00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:54
6 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Знают ли кыргызстанцы свои права и как повысить юридическую грамотность в обществе?
08:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Өлкөдөгү адистерди даярдоо маселеси жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр, суроо-талаптар
09:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
«Манас» в XXI веке: как эпос сохраняет свою актуальность и чему может научить нас сегодня?
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Депозиттерди коргоо фондунун суммасы 7 млрд. сомдон ашты — дедолларизация, финансылык сабаттуулук
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Контроль и эффективность: как работают механизмы исполнения решений в Кыргызстане
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкөдөгү адистерди даярдоо маселеси жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр, суроо-талаптар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары көбөйүп, генофондго коркунуч жаратууда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
0 мин
Структура личности
Современная поэзия – почему стихи актуальны в любую эпоху
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
“Экинчилердин биринчисиби?” Түркиянын экономикасы
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Мониторинг бизнеса: защита потребителей или новая волна проверок?
18:07
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
4-декабрь, "Манас" күнү. Эпосту жайылтууда кандай илимий иштер жүрүүдө?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Волшебный мир книг: как литература помогает детям расти
20:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары көбөйүп, генофондго коркунуч жаратууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Апазов: уяң жүндү Европадан сатып көрдүк, суроо-талап күч экен

© Sputnik / Асылбек Бактыбеков"Кыргыз жүн" улуттук ассоциациясынын аткаруучу директору Алыбек Апазов
Кыргыз жүн улуттук ассоциациясынын аткаруучу директору Алыбек Апазов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Жазылуу
"Кыргыз жүн" улуттук ассоциациясынын аткаруучу директору Алыбек Апазов Европага 120 тоннага жакын уяң жүн сатылганын айтты.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кара жүндөн жер семирткич алуу ишканасы ачылды. Муну менен бирге уяң жүндү кайра иштетүү боюнча Токмоктогу "Касиет" камволдук-нооту комбинаты менен сүйлөшүлүп жатат. Бул тууралуу Алыбек Апазов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Апазов: уяң жүндү Европадан сатып көрдүк, суроо-талап күч экен
"Биздин ассоциация уяң жүндүү койлорду кармоочу 36 фермер менен илимий адистердин мүчөлүгүндө 2022-жылы уюштурулган. Бүгүнкү күндө саныбыз 60тан ашты. Андан сырткары, 300дөн ашык чарбанын уяң жүн менен алектенүү ниети бар. Эки жылда жүндү экспорттоо жагын өздөштүрүп, тажырыйбага ээ болдук. Европага 120 тоннага жакын жүн чыгарып саттык. Баасына фермерлер канааттанды. Канча жылдан бери кой чарба тармагы таланып-тонолуп кетти. Буга чейин кытайлык ишкерлер өтө арзан баага алып калган. Малчынын мээнети акталбай кыйынчылыктарга тушукту. Алардын эмгеги акталсын деген ниет менен Европага чыгарганда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болдук. Бирок анткен менен максатыбыз орундалып, жүн Европага жетип, жуудуруп базарга чыгарып сатып көрдүк. Буюрса, биздин уяң жүнгө суроо-талап да көп экен. Алардын санын көбөйтүүнү максат кылуудабыз, ошентсе да финансылык жактан пайдасы аз болгондуктан көптөрү бул койлорду бакпай калышты. Ошол себептен уяң жүндүү койлор жоголуп кетпесин деген ниетте ассоциация түзгөнбүз", — деди Апазов.
Ал жүндү кайра иштетүүчү ишканалар ишке кирсе сыртка ташуу түйшүгү жеңилдей турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0