00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров 8-9-майда иш сапары менен Россияга барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Анын айтымында, өлкө башчы ЕАЭБдин юбилейлик саммитине жана Москвадагы Жеңиш парадына катышат. "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда мамлекет башчылары "2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясынын өнүгүүсү жана ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча баяндамаларды угушат. Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу, анын ичинде "ЕАЭБ жана Вьетнамдын ортосунда товарлардын жасалган жерин сертификациялоонун жана верификациялоонун электрондук системасынын алкагында маалыматтарды электрондук алмашуу жөнүндө" протоколдун долбоорун жактыруу пландаштырылууда", — деп белгиледи Азымбакиев. Ошондой эле ал "Евразия экономикалык биримдигине — 10 жыл" медалын уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады.
Этникалык кыргыздардын Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистандын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алышат. Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин student.edu.gov.kg онлайн системасына катталып, "Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу" бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле ушул жылдын 27-июну саат 23:59га чейин сайттагы милдеттүү болгон боштуктарды толтуруу зарылТолугураак маалымат - edu.gov.kg сайтынан алсаныздар болот.
Кыргыз-Россия Славян университетинде "Тынчтык үчүн жеңиш" аталышындагы жаштар фестивалы өттү. Бул тууралуу КРСУнун маалымат кызматы билдирди. Иш-чаранын алкагында студенттер тарабынан ыр, бийлер тартууланды. КРСУнун ректору Денис Фомин-Нилов ата-бабалардын эрдигин жана тынчтыкты орнотууга умтулуусун эскерип туруунун маанилүүлүгүн белгиледи. "Фестиваль бир гана чыгармачылыктын майрамы болбостон, тынчтыктын жана биримдиктин баалуулугун эске салган маанилүү кадам болду. Анын уюштуруучулары жана катышуучулары муундардын эрдигин эстен чыгарбоого чакырат. Эч ким, эч нерсе унутулбайт!" — деп белгилешти КРСУдан.
Киев бийлиги чет өлкөлөргө Украинадан барган аскерге жарамдуу бардык эркектердин эл аралык паспорттору менен айдоочулук күбөлүктөрүнүн мөөнөтү али өтө электигине карабастан, аталган документтерин 1-июндан баштап жараксыз кылууга камынууда. Бул үчүн Украина бийлиги демилгени Евробиримдиктин кубатташын күтүүдө. ЕБ мыйзамсыз миграциянын күч алышынан чочулап, азырынча буга каршы экенин Украинанын мурдагы премьер-министри Николай Азаров билдиргенин РИА Новости жазды. Жергиликтүү ЖМКлар буга чейин Украина ТИМи өлкөнүн башка мамлекеттердеги дипломатиялык мекемелеринин башчыларына 23-апрелден баштап Украинанын аскерге жарактуу курактагы бардык жарандарын
Жаңылыктар түрмөгү
0