Сузакта Porter сүзүп кеткен окуучулардын бирине Бишкекте операция жасалды

© Фото / Unsplash / Stephen AndrewsОоруканада жаткан бейтап. Архив
Ооруканада жаткан бейтап. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2024
Жазылуу
Жалал-Абаддагы ооруканаларда 9 бала дарыланып жатканы, бардыгынын абалы туруктуу экени кошумчаланды.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Сузакта Porter сүзүп кеткен окуучулардын бирине Бишкекте операция жасалып, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 9 жаштагы кыздын баш сөөгү сынып кеткен.
"Кызга операция ийгиликтүү жасалып, азыр абалы туруктуу. Башка жабыркагандардын баары дарыланып, компьютердик томографиядан, айрымдары лабораториялык изилдөөлөрдөн өттү. Кээ бирине көрсөтмөгө жараша операция жасалат", — деп жазылат кабарда.
Жалал-Абаддагы ооруканаларда 9 бала дарыланып жатканы, бардыгынын абалы туруктуу экени кошумчаланды. Биринин абалы жакшырып, үйүнө чыгарылган.
Эске сала кетсек, 2-май күнү саат 14:00дөр чамасында Катма жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Porter унаасы жылып кетип, сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. Кечээ, 3-майда, алардын айрымдары Бишкекке алып келинген.
48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айткан.
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жүрөгүбүз ооруп турат! Ташиев Сузактагы кырсыктан жабыркаган балдарга барды
Жаңылыктар түрмөгү
0