00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров кыргыз-тажик чек арасында курман болгондорду эскерип, элге кайрылды

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүү"Кызыл-Бел-автодорожный" көзөмөл-өткөрмө пунктунун жанында КР Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчысы. Архив
Кызыл-Бел-автодорожный көзөмөл-өткөрмө пунктунун жанында КР Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчысы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жазылуу
Өлкө башчысы учурда кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүү боюнча эки тараптуу мамлекеттик комиссиянын ишинде жылыштар болуп жатканын, Кыргызстан бул маселелерди сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө кызыкдар экендигин белгилеген.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан курман болгон аскерлер менен жай жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

"Далай кыйын кезеңдерди башынан кечирген Баткендин баатыр эли 2021–2022-жылдардагы каргашалуу күндөрдө кайратынан жазбай, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн тикесинен тик туруп беришти. Бул оор сыноо жалаң эле баткендиктердин эмес, жалпы кыргызстандыктардын биримдигин бекемдеди. Ошол оор учурда жамы журтубуз баткендик бир боорлорду жалгыз калтырбай аза-кайгысын тең бөлүшүп, эч нерсесин аяган жок. Жеңилин жерден, оорун колдон алды. Эл-журтубуздун кыйынчылыктарда мүңкүрөбөгөн, чөкпөгөн ушундай асыл сапаттарына мамлекет жетекчиси катары да, жөнөкөй адам катары да башымды ийип таазим этем", — деген Жапаров.

Президент чек арадагы кандуу кагылыштардан кийин анда жашаган калкты ар тараптан колдоо, облустун экономикасын өркүндөтүү жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзам кабыл алынганын белгилеген.
"Анын негизинде Баткен облусун 2022–2035-жылдарга өнүктүрүүгө багытталган "Жол картасы" программасы иштелип чыгып, ага ылайык, аталган облуска республикалык бюджеттен жылына 500 миллион сом бөлүнүп, максаттуу иштетиле баштады. Учурда облустун аймагында, анын ичинде жабыркаган айылдарда көптөгөн алгылыктуу иштер аткарылып, элибиздин эртеңки күнгө, келечекке болгон ишеними артты. Куралдуу күчтөрүбүздү аскердик-техникалык жактан, аскер кызматкерлерин болсо социалдык жактан камсыз кылуубуз аскер кызматын өтөөгө умтулган мекенчил жаштарыбыздын санынын өсүшүнө өбөлгө түздү", — деген мамлекет башчысы кайрылуусунда.
Ошондой эле ал учурда кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүү боюнча эки тараптуу мамлекеттик комиссиянын ишинде жылыштар болуп жатканын кошумчалап, Кыргызстан чек ара маселелерин сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө кызыкдар экендигин белгилеген.
Кыргызстан жана Таджикистан желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара башчылары Гулистандан билдирүү жасашты
Жаңылыктар түрмөгү
0