00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан курман болгон аскерлер менен жай жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. "Далай кыйын кезеңдерди башынан кечирген Баткендин баатыр эли 2021–2022-жылдардагы каргашалуу күндөрдө кайратынан жазбай, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн тикесинен тик туруп беришти. Бул оор сыноо жалаң эле баткендиктердин эмес, жалпы кыргызстандыктардын биримдигин бекемдеди. Эл-журтубуздун кыйынчылыктарда мүңкүрөбөгөн, чөкпөгөн ушундай асыл сапаттарына мамлекет жетекчиси катары да, жөнөкөй адам катары да башымды ийип таазим этем", — деген Жапаров. Президент чек арадагы кандуу кагылыштардан кийин анда жашаган калкты ар тараптан колдоо, облустун экономикасын өркүндөтүү жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзам кабыл алынганын белгилеген. Анын негизинде Баткен облусун 2022–2035-жылдарга өнүктүрүүгө багытталган "Жол картасы" программасы иштелип чыгып, ага ылайык, аталган облуска республикалык бюджеттен жылына 500 миллион сом бөлүнүп, максаттуу иштетиле баштадыОшондой эле ал учурда кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүү боюнча эки тараптуу мамлекеттик комиссиянын ишинде жылыштар болуп жатканын кошумчалаган.
Биринчи жолу жарандар шайлоо тилкелеринде идентификациядан өтүү үчүн электрондук паспортторду колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Бул үчүн шайлоочулар "Түндүк" тиркемесин пайдаланышат. Жарандардын паспорту электрондук документ форматында системага жүктөлгөн. Аны шайлоодо колдонуу ыкмасы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын БШК менен кызматташуусунун негизинде идентификациялоо программасына киргизилген. Эске салсак, бүгүн Баткен, Ош жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнө мурда шайлоо өтүүдө.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы элден чогулган битир-садаканы 3 категория боюнча; жетимдерге, арыз менен кайрылган муктаж жарандарга жана медреселерге таратып жатат. «Элибиз ибадат иретинде битир-садакаларын мечиттерге беришет. Биз ортодогу аманатчыбыз. Баарыбызга маалым болгондой, өлкөбүздүн айрым аймактарында сел жүрүп, дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрүндө суу ташкындоолор болуп жатат. Жараткан Алладан тынчтык тилейли», — деп белгиледи Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров. Айта кетсек, быйылкы жылы өлкө боюнча топтолгон битир-садака 57 млн 467мин 895 сомду түзгөн. Топтолгон акча каражатынын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 30 пайызы хатибияттар жана казыяттарда, ал эми калган 10 пайызы муфтиятта таратылууда.
Улуттук банк банк секторунун өнүгүү тенденциялары тууралуу маалымат берди. Анын маалыматына караганда, 2024-жылдын 31-мартына карата абал боюнча Кыргызстандын аймагында 23 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 316 филиалы иштеп турган. Банк секторунун суммардык активдери жыл башынан тартып 7,3% өсүү менен 658,9 млрд сомду түзгөн. Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөм
Жаңылыктар түрмөгү
0