Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы менен 79 млн. долларга келишим түздү
© Фото / пресс-служба кабинета министров КРРабочий визит первого зампредседателя кабмина КР Адылбека Касымалиева в Эр-Рияд
![Рабочий визит первого зампредседателя кабмина КР Адылбека Касымалиева в Эр-Рияд Рабочий визит первого зампредседателя кабмина КР Адылбека Касымалиева в Эр-Рияд - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024](https://sputnik.kg/img/07e8/04/1b/1084641771_43:299:1203:952_1920x0_80_0_0_ae51540645b9792f29263e2770312936.jpg)
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Жазылуу
Каражат ислам стандарттары боюнча турак жайды ипотекага берүүгө жумшалат.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү
![Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e8/04/1b/1084641793_0:54:1280:907_600x0_80_0_0_ce2169b90c999639efd8bdaedb4405bf.jpg)
1/2
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассир Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол койду
![Келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассир Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол койду Келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассир Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол койду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e8/04/1b/1084640295_40:0:904:576_600x0_80_0_0_e49d1628e0903b227747acff14592180.jpg)
2/2
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассир Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол койду
1/2
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү
2/2
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассир Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол койду
Келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассир Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол койду.
Маалыматта алынчу каражат “Шарият стандарты боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбооруна жумшалары айтылды.
“Долбоор ишке кириши менен миңдеген муктаж үй-бүлөлөрдү ипотека аркылуу батир менен камсыз кылат. Калкты турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири жана ал президенттин көзөмөлүндө турат”, — деди өкмөттүн өкүлү.
Мындан тышкары, Касымалиев ИӨБдүн жетекчисин Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун долбоору менен тааныштырып, Кыргызстан уюштуруп жаткан ушул жылдын июнь айында Вена шаарында өтө турган Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышууга чакырды.
Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчиси өз кезегинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоого катышуу маселесин карап чыгарын айтты.