Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президенттик администрациянын коллегиясында министрлер кабинетинин өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы каралды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.Маалыматка ылайык, 2023-жылы министрлер кабинети 554 иш-чараны пландаса, анын ичинен жетөө 2024-жылга жылдырылды. Калган 547 иш-чаранын ичинен 430у аткарылып, 117си ишке ашпай калган.Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 16 мамлекеттик орган — "эң жакшы", 15и — "жакшы", бирөө — "канааттандырарлык" жана бирөө "канааттандырарлык эмес" деген баа алган.
Аймактарда иштей турган нотариустарга лицензия берүү жеңилдетилет. Тийиштүү мыйзам долбоорун Юстиция министрлиги сунуштап, Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды.Баяндоо жасаган юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков белгилегендей, кээ бир райондордо нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн аймак үчүн лицензияларды киргизүү болжолдонууда. Бул жеке нотариустардын санын көбөйтүүгө жана мамлекеттик нотариустардын жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет.Мыйзам долбоорунда нотариустарга эки түрдөгү лицензия берүү каралган. Универсалдуу — өлкөнүн бүткүл аймагында жеке нотариалдык иш жүргүзүү үчүн берилет. Ошондой эле локалдаштырылган — республиканын белгилүү бир аймагында гана иш жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Лицензиянын бул түрүн алууда минималдык талаптар коюлуп, экзамендер кезексиз тапшырылат.Сыдыков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып универсалдуу лицензияны алгандар адатта аймактарга барбай шаар жерлеринде каларын, ошондуктан жеңилдетилген лицензияны алгандар белгилүү гана аймакта ишмердүүлүк жүргүзө аларын белгиледи.Министрдин орун басары бул демилге өз кезегинде аймактардагы нотариустардагы кезектерди жоюуга мүмкүндүк беренин айтты. Ошондой эле кандай лицензия алганына карабастан нотариустар берген документтердин юридикалык күчү бирдей экенин кошумчалады.Натыйжада катталган 70 депутатын 59у мыйзам долбоорун колдоп, "каршы" добуш берилген жок.
Чет өлкөлүктөргө Ысык-Көлдөгү туристтик объектилерди ижарага алууга уруксат берүү сунушталууда.Депутаттар Балбак Түлөбаев, Бактыбек Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев демилгелеген "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.Документ менен Сыдыков тааныштырып, аталган өзгөртүүлөр курорттук-рекреациялык аймакка жана жалпы эле республикага чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.Мыйзам долбооруна ылайык, министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте чет өлкөлүктөргө рекреациялык объектилер жана туристтик инфраструктуралар убактылуу пайдалануу укугу берилиши мүмкүн.Жыйындын жүрүшүндө депутаттар рекреациялык объектилерге эмнелер кирерине кызыгып, жер чет өлкөлүктөрдүн менчигине өтүп кетпейби деп суроо салышты. Ага жооп кылган Бактыбек Сыдыков рекреациялык объектилерге эс алуучу, ден соолукту чыңдоочу, туризм үчүн пайдаланылуучу конок үйлөр, коттедждик шаарчалар, эс алуу үйлөрү жана башка объектилер кирерин, ал эми жер тилкеси буга кошулбай турганын айтты.
Ош мэриясы жумуш издеп жүргөндөрдү "Бош иш орундар жана кесиптер жарманкесине" чакырат.Анда Ош шаарындагы 40тан ашуун ишканалар өздөрүндөгү жумуштарды сунушташат. Жарманкеге катышкандар ар тармактагы 500дөн ашуун бош орундар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.Шаар мэриясы жарманке 30-апрелде саат 09:00дөн 13:00гө чейин Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтөрүн билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0