Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Кыргызстандан колго түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековАтайын күчтөрдүн кызматкерлери машыгуу учурунда. Архив
Атайын күчтөрдүн кызматкерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Жазылуу
34 жаштагы киши өз өлкөсүндө оор кылмыштарды жасоого, анын ичинде каракчылык менен кол салууга айыпталганы айтылды.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Кыргызстандын аймагында кармалганын УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, 34 жаштагы киши оор кылмыштарды жасоого, анын ичинде каракчылык менен кол салууга айыпталган. 2022-жылы издөөгө алынып, былтыр күздө жазадан кутулуу үчүн өлкөнүн чек арасынан мыйзамсыз өтүп келип, укук коргоо органдарынан качып жүргөн.
Учурда ал Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилди.
Кишен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
УКМК: чет элдик кооптуу кылмышкер аял кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0