Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев Астананын аэропортунан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду тосуп алды. Бул тууралуу Акорданын маалымат кызматы кабарлады. Жапаров Казакстанга эки күндүк расмий сапар менен барды. "Аба портунда сыйлуу меймандын урматына Ардактуу кароол тизилди", — деп айтылат маалыматта. Сапардын алкагында президент Казакстандын башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкөнүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин VI жыйынына катышат. Ошондой эле Жапаров менен Токаевдин катышуусунда Астананын борбордук көчөлөрүнүн биринде Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.
Россиянын президенттик администрациясынын делегациясы Кыргызстанга иш сапары менен келгенин КРСУнун маалымат кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, Россия Федерациясынын башчысынын администрациясынын өкүлдөрү Талас облусуна барып, Ржев шаарына жакын жерде курман болгон советтик жоокер Мендеш Өмүралиевдин бейитине гүлчамбар коюшту. Мындан тышкары, делегаттар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Араке Арстанбеков менен жолугушту. "Талас мамлекеттик университетине Россиянын атынан 20 ноутбук, "Алтын түйүн" билим берүү мекемесине 20 комплект робототехника тапшырылган. Ошондой эле окуу процесси жана орус тилин үйрөнүү үчүн интерактивдүү такталар, принтерлер, ноутбуктар жана башка заманбап жабдуулар берилди. Белектерди берүү "Альянс Алтын" компаниясынын көмөгү менен ишке ашырылган", — деп жазылат маалыматта. Делегациянын мүчөлөрү Таласка болгон сапар эки өлкөнүн достук мамилесин чыңдоо үчүн маанилүү кадам экенин кошумчалашты.
Америкалык ишкер Илон Маск Politico басылмасындагы Украинанын жеңилип бара жатканы боюнча макалага комментарий бергенин Sputnik Ближнее зарубежье жазды. "Муну мен алдын ала эле айткам", — деп жазган Маск. Ишкер X социалдык тармагынын колдонуучусунун Украина чатагынын ар кыл этаптары боюнча Politico басылмасынын темасын жарыялаган постунун алдына комментарий калтырган. Ресурс мурда "Украина утуп баратат" деген маанайдагы материалдарды жарыяласа, эми "Украина жеңилүүгө жакындап бара жатат" деп жаза баштаган. Politico журналисти Украинанын Куралдуу күчтөрүндө ок-дарылар тартыш болуп жаткан маалда согуштун линиясы бул жайда үзүлүшү мүмкүндүгүн баяндаган.
Бүгүн, 18-апрелде, Таиландда Кыргызстандын улуттук курама командасынын катышуусунда футзал боюнча Азия кубогу башталды. Бул турнирдин 17-чыгарылышы. Мында Кыргызстандын курама командасы Япония, Тажикстан жана Түштүк Кореянын командалары менен бир группада беттеше турган болду. Бугун тайпалык этаптын биринчи оюнунда улуттук курама команда Японияны 3:2 эсебинде утуп алды. Белгилей кетсек, Япония азыркы Азия чемпиону болуп саналат. Биздин команданын голдорун Самат Жаннат уулу, Максат Алимов жана Кайрат Кубанычов киргизди. Эми Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши — 20-апрелде саат 13:00дө, Түштүк Корея менен Кыргызстан — 22-апрель, саат 17:00до болот. Азия кубогуна 16 команда катышат, чейрек финалга сегизи (ар бир группадан эң мыкты делген эки команда) чыгат. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк рейтингде 139 топтун ичинде 51-орунда турат. ////ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 89 сом сомго 1 евро 94 сом 71 тыйынга 1 рубль 94 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 50 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 70 тыйындан, дизель майы 72 сом 80 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 32 сом 70 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ Жума күнү Баткен менен Нарын облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, ал эми Ош, Баткен, Нарын жергесинин тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Таласта +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +14...+18 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкекте +24...+26, Ош калаасында +25...+27 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0