Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Казакстанга учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 18-19-апрелдеги сапардын алкагында Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кеңешинин VI жыйынына катышат. Ошондой эле Астанада мамлекет башчыларынын катышуусунда Манастын эстелигинин ачылыш аземи өтөт. Мындан тышкары, бир катар маданий жана илимий иш-чаралар белгиленген.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилер менен кошулуп алып иш алып барган чек арачыларга катуу чара көрүлөрүн эскертти. Ал УКМКнын Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгында чек арачыларга батир, унаа тапшыруу аземине катышкан. Иш-чарада Ташиев кээ бир чек арачылар аткезчилик кылгандарга кошулуп, жардам берип, мыйзам бузуп жатканын белгилеген. "Былтыр быйылкы жылды кошкондо ондогон чек арачы жоопко тартылып, ондогон чек арачы кызматтан кетти. Себеби аткезчилерге кошулуп алып, алар менен чогуу иш алып барган. Мындай болбош керектигин кулагыңарга жакшылап түйүп алгыла. Эгер ушундай иштер дагы кайталанса катуу чара көрөбүз", — деген ал. Ал баңгизат сатып, коомду булгап жаткандарга каршы да аёосуз курөш жүрөрүн кошумчалаган.
Казакстандагы селден улам Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков билдирди. Анын айтымында, бийлик азыр бул маселени ойлонуп, буудай менен арпа камдашы керек. "Коңшу мамлекетте суу ташкындарынан улам түшүм жыйноодо кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн", — деди ал. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга 370 жарым миң тонна буудай импорттолсо, анын 351 жарым миңи Россиядан, калганы Казакстандан келген.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Казакстандын суу ташкынынан жабыркаган полиция кызматкерлери үчүн гуманитардык жардам жөнөткөнүн билдирди. 50 тонналык жүктүн ичинде биринчи муктаждыктагы буюмдар, дары-дармек, желим өтүктөр, дизелдик жана электр генераторлор, үйлөмө кайыктар, чатыр, матрац, тамак-аш жана жууркан-төшөк бар. "Демилге кризис учурунда эки өлкөнүн ортосундагы тилектештик колдоонун бир бөлүгү болуп саналат. Казакстандагы суу ташкынынын кесепети оор болду. Мындай учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү маанилүү", — деп айтылат маалыматта. Кыргызстан коңшу мамлекетте селден жабыркагандарга гуманитардык жардамдын биринчи партиясын 6-апрелде жөнөткөн.
Төкмө акын Элмирбек Иманалиевге Кыргызстандын Эмгек баатыры артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн "Манас" улуттук театрынын жаңы имаратынын ачылышында билдирди. Мындан тышкары, "Манас" эпосун сактоого, ошондой эле айтуучулук өнөрдү жана төкмөлүктү жайылтууга кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы манасчы Рысбай Исаковго; Даңк медалы манасчы, "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулуна; Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы төкмө акын Баян Акматовго; Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы төкмө акын Изат Айдаркуловага, дастанчы Улукбек Токтоболот уулуна ыйгарылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0