Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Өзгөчө камкордукка муктаж балдардын ата-энелерине өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражат жетишсиз. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Эл өкүлү өлкөдө аутизм, шал илдети, Даун синдромуна чалдыккан балдардын саны көбөйүп жатканына кейип, бул багыттагы бир катар маселелерди көтөрдү. "Майып, шал, аутизм же Даун синдромуна кабылган балдарды ата-энеси түнү-күнү карайт. 6 300 сомдон 8 000 сомго чейин каражат алышат. Ошону өкмөт эки эсе көтөрүп берсе... Анткени реабилитациялык борборлор, массаж, кам көрүүчү жерлерге алып барат, өкмөт бөлгөн акча таптакыр жетпейт", — деди Акаев. Ошондой эле ал аймактарда, райондун борборлорунда бош турган имараттарды өзгөчө камкордукка муктаж балдарга ылайыктап реабилитациялык борборлорго айлантууну сунуштады.
Россиянын суу каптаган Оренбург облусунда жашаган кыргыздар жардам сурап жатканын депутат Айбек Маткеримов билдирди. Ал мекендештер кайрылып жатканын белгилеп, маселени эске алууну сунуштады. Эске салсак, Түштүк Уралдагы аймактар быйыл болуп көрбөгөндөй суу ташкынына кабылды. Эң көп жабыр тарткан Оренбург болууда. Россиянын аталган облусуна караштуу Орск шаарында Урал дарыясынан коргоп турган дамба 5-апрелде жырылган. Суу айылдарды каптап, эл көчүрүлгөн. Каза болгондор да бар экени маалымдалды. Ошондой эле аймактык прокуратура дамба өз убагында көрүлбөгөн чаралардан улам бузулганын айтып, бул боюнча кылмыш иши козголгонун белгилеген. Бийликтин айтымында, жаратылыштын бул кырсыгы 21 миллиард рублдик чыгым кылды.
Кыргызстан транспорт тармагында эки көрсөткүч боюнча ЕАЭБде лидер болгону Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылды. Биримдик ичинде жүк жана эл ташуунун көлөмү жогорулоодо. Кыргызстанда январь-февраль айларында жүргүнчү ташуу жаатында өсүү байкалып, 11,2 пайызды түзгөн. Экинчи орунда 10,6 пайыз менен Россия турат. Жалпы жонунан уюмда бул көрсөткүч 10 пайызга жогорулаган. Ал эми жүк ташуу ЕАЭБ өлкөлөрүндө 0,9 пайызга көбөйдү. Мындан Кыргызстан 8,8 пайыз менен биринчи орунда, 1,6 пайыз өсүш менен Беларусь экинчи сапты ээлеген.
29-апрелде Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Бишкек шаарынын күнүнө карата "Вальс кечеси" өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдап, каалоочуларды ага катышууга чакырды. Билдирмеге ылайык, фестиваль-конкурска катышуу акысыз. Аны көрүү да акысыз. Иш-чара саат 18:30да башталат. Каалоочулар бардык суроолоруна 0312 510 178, 0556 860 106 (WhatsApp) телефон номерлери аркылуу жооп алса болот.
Газа секторунда Рамазан айында ок атууну токтотуу талабы камтылган резолюцияны аткарбаган Израилге санкция киргизүү маселеси токтоосуз каралышы керек. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Коопсуздук кеңешинин жыйында айтканын РИА Новости жазды. "Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын аткарылбаганы талапты бузган тарапка санкция киргизүү менен шартталышы керектигин дагы бир ирет эскертебиз. Биздин пикирибизде Кеңеш бул маселени токтоосуз карап чыгышы керек", — деген дипломат. Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин Газа секторунда Рамазан айында ок атууну токтотуу боюнча №2728 резолюциясы аткарылбаганын эске салды.
Жаңылыктар түрмөгү
0