https://sputnik.kg/20240417/zhundu-kayra-ishtetuu-kolgo-alynat-1084298133.html
Баалуу продукция. Өлкөдө жүндү кайра иштетүү колго алынары айтылды
Баалуу продукция. Өлкөдө жүндү кайра иштетүү колго алынары айтылды
Sputnik Кыргызстан
Семинарда жабдууларынын орточо баасы 5 455 долларга барабар жүн жууркан тиккен цех көрсөтүлгөн. 17.04.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-04-17T08:34+0600
2024-04-17T08:34+0600
2024-04-17T08:34+0600
кыргызстан
айыл чарба
кайра иштетүү
жүн
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/19/1050553993_0:312:3084:2048_1920x0_80_0_0_2a902b51cae65d4dfce482b237dde8df.jpg
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Мындан кийин айылдарда жүн таштандыга ыргытылбай баалуу продукцияга айланат. Бул тууралуу атайын көргөзмө-семинарда айтылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, аталган семинарда жүндү кайра иштетип, жууркан тиккен цех көрсөтүлгөн. Жабдуусунун орточо баасы 5 455 долларга барабар экени айтылды.Көргөзмөдө жүндү кайра иштетүү аркылуу айыл жергесинде ыргытылып жаткан жүндүн баалуулугун арттырууга өзгөчө маани берилери кошумчаланды.Аталган иш-чараны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти уюштуруп, ага 7 облустун жана 40 райондун жетекчилери, өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү жана дыйкан-фермерлер катышкан.
https://sputnik.kg/20240410/ayyl-charba-tekhnikasynyn-lizingi-1084105985.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/19/1050553993_53:364:2299:2048_1920x0_80_0_0_e96783b8cb8f16a67469007462239ffa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, айыл чарба, кайра иштетүү, жүн
кыргызстан, айыл чарба, кайра иштетүү, жүн
Баалуу продукция. Өлкөдө жүндү кайра иштетүү колго алынары айтылды
Семинарда жабдууларынын орточо баасы 5 455 долларга барабар жүн жууркан тиккен цех көрсөтүлгөн.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Мындан кийин айылдарда жүн таштандыга ыргытылбай баалуу продукцияга айланат. Бул тууралуу атайын көргөзмө-семинарда айтылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган семинарда жүндү кайра иштетип, жууркан тиккен цех көрсөтүлгөн. Жабдуусунун орточо баасы 5 455 долларга барабар экени айтылды.
"Бул баа айылда фермерлерге ыңгайлуу, кирешелүү чакан өндүрүш болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө ак жүндүн килограммы 60-100 сом, кара жүн 10-15 сомго бааланууда. Иштетилген жүндөн улуттук кийим-кече, жууркан-төшөк, кийизден жасалган түрдүү буюм-тайымдар чыгарылат", — деп айтылган маалыматта.
Көргөзмөдө жүндү кайра иштетүү аркылуу айыл жергесинде ыргытылып жаткан жүндүн баалуулугун арттырууга өзгөчө маани берилери кошумчаланды.
Аталган иш-чараны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти уюштуруп, ага 7 облустун жана 40 райондун жетекчилери, өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү жана дыйкан-фермерлер катышкан.