00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
18 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:18
49 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Күнүмдүк жаңылыктар 17:00

Күнүмдүк жаңылыктар 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Илимдер академиясындагы окумуштууларды экономиканы өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчы бүгүн, 13-апрелде, Улуттук илимдер академиясына барып, кызматкерлердин иш шарттары менен таанышып, илимий ишмерлер, жетекчилиги менен сүйлөшкөн. "Баарлашуу учурунда Жапаров илимпоздорду илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, жаңы технологияларды жана инновацияларды иштеп чыгуу, ошондой эле өлкөнүн алдында турган түрдүү маселелер боюнча эксперттик кеп-кеңештерди берүү аркылуу экономика тармактарын өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырды. Илимий ишмерлердин көңүлүн мамлекетке жана коомго пайда алып келе турган илимий ачылыштарды жасоого шарттарды түзүү үчүн реформаларды жүргүзүү зарылдыгына бурду", — деп жазылган маалыматта.Ошондой эле Жапаров Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакка барып, аймакты көрктөндүрүү жана реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышкан. Президент буга чейин жергиликтүү бийлик бул маселелерге жетиштүү көңүл бурбай келгенин айтып, бирок учурда шаар мэрлери жана райондордун акимдери коомдук жайларды жакшыртуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүгө тийиш экенин айткан.
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны болгонун министрлер кабинетинен кабарлашты. Жолугушуу 7-апрелден 13-апрелге чейин Тажикстандын Бустон шаарында болгон. Анда чек аранын калган тилкелериндеги талааларда биргелешкен изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Кийинки жолугушуу Кыргызстанда өтүп, аймактарды тактоо улантылмакчы. Маалымат кызматынан жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өткөнүн кошумчалашты.
"Ататүрк" паркында мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер кайтарылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүдө Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тийиштүү токтомго кол койгону айтылган.Анда тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге бир катар тапгшырмалар берилген.Бекитилген чектерде парктын участокторун кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү; Сейил бактын аймагында мыйзамсыз тургузулган кыймылсыз мүлк объектилерин бузуу; Сейил бакка келтирилген зыянды күнөөлүү адамдардын эсебинен калыбына келтирүү; Укуктук баа берүү жана сейил бактын чектеринде жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алгандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдарды прокуратура органдарына белгиленген тартипте жөнөтүү тапшырылды.Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине жер тилкелерин кайтарып берүү жол-жоболору аяктагандан кийин, сейил бактын аймагы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине сейил бакты күтүү жана көрктөндүрүү үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилери айтылды.
Токой кызматынын токой экологиялык системаларын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Майрамбек Алиев "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында 800 гектардан ашык аянтка көчөт отургузулганын айтты. Быйыл токой чарба ишканаларына 1510 гектар аянтка ар кыл дарактарды тигүү тапшырмасы берилип, иштер уланып жатат. Анын айтымында, өлкөдө жылына 1100-1200 гектар жерге тиешелүү өсүмдүктөрдү отургузуу иштери жүргүзүлүшү керек.Ошондой эле адис токой кызматкерлеринин айлыгы жогорулап, санариптештирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0